super.kg logo



Бек Исраилов "Деңиздеги жалгыз кайык (Cover)"

Жүктөлгөн: 06-07-2020
Көчүрүү
04:23
4,03 Мб
Жанр: Поп
  • Currently 0.00/5
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Бек Исраилов
"Деңиздеги жалгыз кайык (Cover)"

Бул Cover чыгарма, Акжол Канатбековдун жаркын элесине арналат.
Сөзү : Акжол Канатбек уулунуку
Обону : Акжол Канатбек уулунуку
Деңиздеги жалгыз калган кайык сымал,
Шамалы жок дарегимден жылбай турам.
Айнек үйгө камакталган балык сымал,
Тагдырымдын тардыгына сыйбай турам.

А сен мага дем бересиң, жел бересиң,
Сен мага түпсүз, терең көл бересиң.
Мен кантип үмүтүмдөн күдөр үзөм?
Ал көлдө өзүң менен бирге сүзөм,
Махабат мейкининде бийге түшөм.

Жер-асмандын ортосунда түркүк болуп,
Табияттын же мыйзамын мен буза алармын.
Алтын тордон бошотууга бүркүт болуп,
Канат күүлөп сен тарапка сыза алармын.

Анткени сен чыгарасың туңгуюктун торунан,
Буулукканда бир өзүңө
жолугам.
Кубат алам көздөрүңдөн алган жообуман,
Себеби билем, менин жеңилүүгө жолум жок,
Бир өзүңдөн башка жанга орун жок,
Эч жүрөгүмдө, көкүрөгүмдө.

Анткени сен мага дем бересиң, жел бересиң,
А сен мага дем бересиң, жел бересиң,
Сен мага түпсүз, терең көл бересиң.
Мен кантип үмүтүмдөн күдөр үзөм?
Ал көлдө өзүң менен бирге сүзөм,
Махабат мейкининде бийге түшөм,
Махабат мейкининде бийге түшөм.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул аудиоклипке кирди:

Видеоклиптердин саны:
2813;
Аудиоклиптердин саны:
9149;
Элдик видеолордун саны:
40737;
Элдик аудиолордун саны:
20718;