|
Сөзү : Азамат Такырбашов, Бегиштики
Обону : Азамат Такырбашовдуку
Сөзү : Сыймык Бейшекеевдики
Обону : Сыймык Бейшекеевдики
Сөзү : Н.Алымовдуку
Обону : С.Бактыгуловдуку
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Жүрөк толкуган укканда Манасын,
Көңүл дартына таппаган дабасың.
Даңктап бүтпөгөн үн салып булбулдар,
Баары биригип салса да авазын.
Кайырма:
Ала-Тоого Алтайдан улуу жол улаган,
Кыйың кезеңдин баарына чыдаган,
Кырк уруудан бир журтту кураган,
Алга умтулган.
Чагылган болуп касташкан душманга,
Кааласа учуп, айланган шумкарга.
Кааласа сызып айланган тулпарга.
Кыргызым менин кыйыр кезгениң,
Кылымды басып терең кеткениң.
Аталардан калган Мекеним.
Жарык нур болуп, ыр болуп дастаның,
Ырыс-ынтымак бардыгын сактадың.
Гүлдөп өлкөнүн ар жери өркүндөп,
Дайым ачылып турса дейм асманың.
Сөзү : Самаган Абдукадыровдуку
Обону : Мурадил Данияровдуку
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Оңой эмес жол басып,
Отурасың ой басып.
Билдим апа, чоң бакыт,
Сенин барың.
Мен деп канча ыйладың,
Жүрөгүңдү кыйнадым,
Бирок апа, сиз бар деп,
Мен сынбадым.
Ыйлап турсам канатына жашырган,
Жашым сүртүп акырын.
Күлүп койсом күндөй болуп ачылган,
Эки дүйнө бакытым.
Кайырма:
Кең дүйнөнү ачып тааныткан,
Айсыз түндө болуп жарык шам.
Караанымды күткөн алыстан,
Менин асыл апакем.
Өмүр бою болуп убара,
Өмүр жолуң келет улана,
Өзүнөн да артык кубана,
Жүргөн асыл апакем.
Тынч албастан мүнөткө,
Турмуш деген күрөштө.
Колдогонуң апаке,
Чын жүрөктө.
Бакыт көлү жаныңда,
Эркелеткен азыр да.
Бейиш төрү апаке,
Таманыңда.
Ыйлап турсам канатына жашырган,
Жашым сүртүп акырын.
Күлүп койсом күндөй болуп ачылган,
Эки дүйнө бакытым.
Сөзү : Т. Салиевдики
Обону : А. Акимовдуку
Убакыт учуп барат бизден алыс жайга,
Билбейм азыр ал мезгил кайда,
Кутуп калабыз таппай айла.
Неге күлүп турган күндөр өмүр жазда,
Кайрылып бизге келбейт кайра,
Өткөндү сагынабыз танда
Өткөндү сагынабыз эртең кайра издейбиз,
Келбесин билип кол шилтейбиз
Убакыт өтпөй турса дейбиз.
Азыр келечектин анык кезеги биз,
Амандык болсо эртенибиз
Келгенде баркын билели биз
Кайырма:
Ай убакыт барасың уланып,
Сагынам өмүрдүн
Жолунда баратып.
Ай убакыт өтөсүң туталанып,
Сагынам тагдырдын,
Төрүндө баратып
Сөзү : Максат Жангазиевдики
Обону : Март Бабаяндыкы
Сөзү : Жолболду Алыбаевдики
Обону : Жолболду Алыбаевдики
Сөзү : Сулайман Рысбаевдики
Обону : Сулайман Рысбаевдики
Махабат келди бизге
Бакыттын кушундай
Качырбай боосун бекем
Кармайлы учурбай
Ак сүйүү гүлүн ачты
Таалайдын гүлүндөй
Багалы соолубасын
Бариги күбүлбөй
Кайырма:
Барчылык күндө дагы
Тарчылык түндө дагы
Ачта да, токто дагы
Барда да, жокто дагы
Жүрөлү ушундай
Бактыбыз бузулбай
Тартуулап күндө дагы
Шаттуусун көңүлдүн
Арнайлы ар бир таңда
Таттуусун өмүрдүн
Жазылбай бекем болсун
Кармашкан колубуз
Эртенге жол баштайлы
Бир болуп оюбуз
Кайырма:
Ысыкта суукта дагы
Алыста жуукта дагы
Сен болуп бир мен үчүн
Мен болуп бир сен үчүн
Бололу ушундай
Бактыбыз бузулбай
Отуна ак сүйүүнүн
Жылытып көңүлдү
Өчүрбөй тутанталы
Үшүтпөй өмүрдү
Эч качан бүркөлбөсүн
Айыбыз, күнүбүз
Түгөйлүү аккуулардай
Бүтпөсүн бийибиз
Кайырма:
Күлсөк да, кайгырсак да
Турсак да, тайгылсак да
Жаш курак алмашса да
Чач бубак кар басса да
Жүрөлү ушундай
Бактыбыз бузулбай.
Сөзү : А. Абылкасымовдуку
Обону : Сагынычтыкы
Мен деп карадыңбы?
Мени самадыңбы айт,
Мендеги сезимди сен дагы сездиңби айт иий иий ий.
Кайырма:
Ашыгым ай ачыгын айт
Жашырбай айт жашыдым ай
Жүзүңдөн көрдүм го
Жүрөсүң мени ойлоп ай ий ий
Күлүп караганың үмүттүн шамыбы айт?
Тартынбай мен дагы,
Гүлүмдү сунсамбы айт иий иий ий.
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Рамис Алиевдики
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Рамис Алиевдики
Көзүңдү ирмеген, махабат из менен,
Күндөрүмдөн, түндөрүмөн, издегем
Жолугуп жаным ай, жоготуп алдым ай
Кайрадан жанбаган жылдыздай
Айтпадын кабарын, мен кайдан табамын
Жалгызым ай, сагындым ай, жамалың
Припев:
Сагынам кайдасың?
Мен билбеген жайдасың
Сагынам кайдасың?
Колум жетпес жайдасын
Жылдыздар жанашып, өзүңсүз таң атып
Ал ансайын алыстадың адашып
Айлуу кеч түнүмдү, бир жүргөн күнүмдү
Ыйык сакта эч унутпа сүйүүмдү
Кези келсе анда, кезигербиз кайра
Менден жашын, сүйүүдөң сен жашынба.
Сөзү : Султан Садыралиевдики
Обону : Султан Садыралиевдики
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Сөзү : Тимур Салиев менен Кыял Тажиеваныкы
Обону : Анжелика Кайратованыкы
Өрт жалын бол ата-журттун жолунда
Өлкөбүздүн бүт өмүрү колуңда
Эгемен эл эркин болгун ар бириң
Эзелкиден эртеңкиге умтулган
Эгемен эл эркин болгун ар бириң
Эгемендик эбегейсиз байлыгын
Кайырма
Желбиресин бийик желегиң
Кыргызстан кыргызстан
Жерге түшпөй көктөң түндүгүн
Кыргызстан кыргызстан
Аба, суудай кымбат керегим
Кыргызстан кыргызстан
Асыл жерим, элим, мекеним
Менин элим
Кызыл чоктой намыс менен наркыбыз
Кылым жашап намыс менен салтыбыз
Манас деген ураан болсун түбөлүк
Бүт дүйнөгө бийик болсун баркыбыз
Кайырма
Желбиресин бийик желегиң
Кыргызстан кыргызстан
Жерге түшпөй көктөн түндүгүн
Кыргызстан кыргызстан
Аба, суудай кымбат керегим
Кыргызстан кыргызстан
Асыл жерим, элим, мекеним
Менин элим
Кайырма
Желбиресин бийик желегиң
Кыргызстан кыргызстан
Жерге түшпөй көктөн түндүгүн
Кыргызстан кыргызстан
Аба, суудай кымбат керегим
Кыргызстан кыргызстан
Асыл жерим, элим, мекеним
Менин элим
Сөзү : Рейндики
Обону : Нурлан Насиптики
|