super.kg logo

Добр "Алтын апам"

Жүктөлгөн: 05-03-2018
Көчүрүү
06:18
98,83 Мб
  • Currently 4.00/5
Комментарийлер(3)
05.03.2018. 20:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
22-10-2015
Соӊку аракети:
26-06-2019 13:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Эхх,ыйлаттыго...
04.04.2018. 12:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
14-12-2014
Соӊку аракети:
23-06-2019 11:55
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото соннун ыр козумдон кантип жаш акканын билбей калдым
11.04.2018. 23:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
180
Катталган:
17-09-2010
Соӊку аракети:
26-06-2019 16:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек-Ankara
0
Отоле узак клип...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Добр
"Алтын апам"

Сөзү : Добр, Адилет Джортушевдики
Обону : Добр, Адилет Джортушевдики
Ааламда теңдеши жок асылым алтын апам,
Жашоомо жарык берген жалгызым жаным апам.
Жан тартып дайым мага жанымда жалгыз гана,
Жароокер апакебай, бул ырым жалгыз сага.
Тамчыдай сүтүн берип талыкпай баккан апам,
Алыста жүрсө дагы балам деп шашкан апам.
Бал ширин сөздөр менен эриткен жан дүйнөмдү,
Ар дайым бир өзүмө сүйүүктүү жаккан апам.
Балам деп дайым күйгөн эненин таламында,
Унутпа бейиш төрү эненин таманында.
Бой тартып чоңойгондо, ороңдоп четке какпай,
Барктайлы апаларды көзү тирүү, аманында.
Агарган ар бир чачын, биз үчүн аккан жашың,
Ааламды сактайт тура энелик ыйык атың.
Эр жетип мына эми, турабыз алдыңызда,
Эркелеп жетеличи апакебай баркыңызга.

Кайырма:
Түшкөрсөм түштү оңунан жоруган алтын апам
Түгөнгүс түйшүктөрдөн коруган алтын апам.
Үч бөлүп түн уйкусун уктабай мени карап
Онтосом, чогу онтоп, ооруган алтын апам.
Оорусам кошо жөтөлгөн
Канчалык кыйналсам да баарына түткөн апам,
Кайгырып капалансам арылткан жүктөн апам.
Кайрылып үйгө келбей кечигип калганымда,
Санааркап жолду карап сагынып күткөн апам.

Жарык нур тийип көктөн, мээримиң чексиз төккөн,
Ооз анткан эне сүтүн балалыкта эбак өткөн.
Мөмөлүү дарак сымал жемишин жазбай берген,
Апакем жаркыраган жаздагы жашыл көктөм.
Көргөндө ак чачыңды, көзүмө жаш аламын,
Бой жетип чонойсомда озуно мен жаш баламын
Кем кылбай эч бир жандан, чоңойткон апакемдин,
Актайм деп мен ак сүтүн бүт ааламга жар саламын.
Талыкпас эмгенине, ак сүтүн эмгениме,
Көрсөтүп туура жолду тарбия бергенине.
Баш ийип таазим кылам түбөлүк апакеме,
Жаратып бул жашоого жарык нур бергенине.
Бактылуу жашоо берсе мөмөлүү жемишинен,
Алысмын мен ар дайым кайгырып бир кейишинен.
Тилеймин жараткандан жалынып мен күнүгө,
Берсе деп апакеме акыретти бейишинен.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул видеоклипти көрдү:

Видеоклиптердин саны:
2326;
Аудиоклиптердин саны:
8376;
Элдик видеолордун саны:
35751;
Элдик аудиолордун саны:
18930;