Бактыгүл Аскар кызынын кайненеси: «КЕЛИНИМ ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗДҮ ТЕҢ УРЧУ»

Бактыгүл Аскар кызынын кайненеси: «КЕЛИНИМ ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗДҮ ТЕҢ УРЧУ»

№862 9-15май, 2019-жыл

Өткөн санда «Күйөөм түрүң суук деп эки балам менен үйдөн кууп чыкты» деген 26 жаштагы Бактыгүл Аскар кызынын арманын уккан элек. Бул ирет келиндин кайын журту, кошуналары менен байланышуу мүмкүн болду. Бактыгүл Аскар кызынын айткандарына анын кайын журту, кошуналары кандай жооп айтышат, ушул материалдан окуй аласыздар.

«МЕНИ УРУП ЖАТКАНДА КОШУНАЛАР АЖЫРАТЫШКАН»

Токтогулдун Торкен айылынын тургундары 70 жаштагы кайната менен 63 жаштагы кайнене уюлдук телефон колдонушпайт экен. Андыктан алар менен кошуналары аркылуу байланыштык. Бактыгүл Аскар кызынын кайненеси Айчүрөк Бейшекеева өзү келининин колунан таяк жегенин айтты:

-Биздин 3 эркек, бир кызыбыз бар. Бактыгүл ортончу уулумдун келини. Анын бизге келин болуп келгенине 4 жылдай болду. Уулум аны менен кызымдын жеңеси аркылуу таанышып калган. Үйгө алып келгенде эле келин менин көңүлүмө жакпай «алып кеткиле» дегем. Балам өзү жоош. Жолдошум балама «Алмазбек, айланайын, кыз жакса алып кал, жакпаса кетир» деди. Ошондо уулум 2 сааттай ойлонуп отуруп калган. Ошентип жатып келин өзү деле кетпей отуруп калды. Атасы уулума «Өзүңдөн калсын. Кийин өкүнүп калба» деп айткан. Жашап баштаганда эле келин үйдө отурбай, көчөдө эле жүрө берген адатын көрсөттү. Жарым жыл жашагандан кийин улуу балам аны таякелерине жеткирип келген. Бир аз убакыт өткөндө эле күйөөсү «талаада иштегенде жалгыз болуп жатам» деп кайра чакырып алыптыр.

Сумкасын көтөрүп качып да кетет. «Ата-энең жок экен. Тынч жашай бербейсиңби» деп айтабыз, болбойт. Бизди сабайт, таш менен урат. Бир ирет мени уруп жатканда кошуналар ажыратышкан. Келин мага эле эмес, кайнатасына да кол көтөрчү.

«КЕЛИН АЯЛЫМ ЭКӨӨБҮЗДҮ ҮЙДӨН КУУЙ БЕРЕТ»

70 жаштагы Раимкул Акматалиев да келининин жоруктарын айтып кейиди. Ага да келини кол көтөргөнүн айтып берди:

-Келин бизге кол көтөрчү. Бир ирет эшиктин алдында отурсам, таш менен башка бир койду. Башым жарылып кетти. Өзү качып кеткен. Каякта жүрдү, билбейм, 5-6 күндөн кийин кайра келип калды. Кечирим деле сураган жок. Ал кайненеси экөөбүздү тең «кайда барсаңар ошол жакка баргыла» деп үйдөн кууйт. Бир ирет кызым «ата-энемди урба. Эмнеге урасың?» десе, кызымды чачынан кармап, жакалап, «баарыңарды өлтүрүп кетем» деди. Кой десем болбойт. Бизди уруп, оозго алгыс жаман сөздөрдү айтканда күйөөсү «ата-энемди какшатып ура бересиңби, урба, жаман сөздөрдү айтпа» деп 1-2 чаап койсо кетип калган. Кайра 2-3 күндө келди. Бул келин бизди аябай кыйнады.

Тамакты бекитет дегени боюнча, тамакты өзү жасайт, бербей койбойбуз, баары өзүнүн колунда. Кээде тамакка таарынып «ичпейм» деп кетип калат. 1-2 күндөн кийин кайра келет.

Уулум Орусияга иштегенге кеткен. Ал «акча салып турам, сен үйдө эле жүрө бер» десе болбой, Бишкекке эки жолу кетип калды.

«КАЙНЕНЕСИН ВАГОНГО КАМАП КОЮП, ТАШ МЕНЕН УРГАН»

Бул үй-бүлө менен жанаша жашаган кошунасы Гүлнар Шатманалиева да келиндин калп айтып жатканын айтат:

-Биз 1985-жылдан бери бул үй-бүлө менен жанаша жашаган кошуналарбыз. Сүйлөсөк сөзүбүз бири-бирибизге угулуп тургандай жакын жашайбыз. Айчүрөк эже менен Раимкул байке бир да кошунасына жаман айтпаган момун кишилер. Бирөөгө жаман мамиле кылганын көргөн эмесмин. Бактыгүл ошол жерге келин болуп келгенден бери үйүндө тынчтык жок болуп калды. Кайненеси экөө уруша беришет. Эмне себеп болот, билбейм. Калыс сөзүмдү айтсам, Бактыгүлдүн өзүнөн кетип жатат. Үйдөн кетип жаткан жеринен «Кайрыл, кайненеңдин тилин ал. Сен жакшы болсоң, апаң сага эч нерсе дебейт» деп жатып кайтарып келип үйүнө киргизген күндөрүм болду. Кайненеси экөө урушуп, кубалашып кетишчү. Бир жолу Бактыгүл кайненесин үйдүн жанында жайгашкан вагонго камап туруп, эшигин бекитип, терезесинен таш ыргытканын кошуналар көргөнбүз. Анан эле милицияга кайрылып ызы-чуу сала берет. Аларга эмне дейт билбейм.

Бир жолу жайында үйгө чөп алып келип, күйөөм унааны дарбазадан артка айдап киргизип жатканда Айчүрөк эже жүрүп бараткан унаанын артынан чуркап өтүп кеткен. Көрсө, Бактыгүл кайненесин таш менен уруп кубалаган экен. Аны да кошуналар көргөнбүз. Ошондо унаа аны тебелеп кетсе эмне болот эле? Бактыгүл барда Айчүрөк эже үйүндө жалгыз калгандан коркуп, үйүнө жатпай, улуу баласыныкына же дагы башка жакындарыныкына барып жатып калган.

Бир жолу келинди ооруканага жаткырышканын билем. «Оолуга бергенинен алпарып таштадык» деп айтышкан. Анан «ооруканада жатканда кошуналар мени сурашыптыр» дептир. Аны эч кимибиз сураган эмеспиз.

Кайнене, кайнатасы тынч жүргөн кишилер. Кайненеси баласынын такма жалаяктарынан бери карыз алып, балдарын багып жаткан. Акча берип келинин ооруканага көрсөтүп турушат. Бир аз мурун эле Бишкекке барып, томографияга түшүп келген.

Келин сабатсыз. Бирок көркөмдөп жакшы сүйлөйт. Келин үйдө иш кылсам да жакпайм деп жатпайбы. Ал тамак-аш жасап, балдарын карачу. Эл сыяктуу короого чыгып иштебейт. Эмнеден кыйналды, билбейм. Күйөөсү болсо жоош, уруп-сабай турган жигит эмес.

Үй-бүлөнүн жашоо шарты начар. Бирок эч кимден эч нерсе сурабай жашашат. Кошуналар колубуздан келген жардамды беребиз. Кийим-кечек, азык-түлүк берип турабыз. "Кайненем сарайга тамак-ашты катып коёт" дептир. Аларда күнүмдүк тамак-ашы өздөрүнө жетиштүү. Бирок бекиткидей ашык тамак-ашы деле жок.

«АГАМ АНЫ МЕНЕН ЖАШАЙМ ДЕП АКЧА САЛЫП ЖАТАТ»

Бактыгүл Аскар кызынын жолдошу Алмазбек Акматалиев учурда Орусияда иштеп жүргөн чагы. Анын иниси Майрамбек Акматалиев жеңеси тууралуу мындай дейт:

-Жеңем кышында Бишкекке келип, бир айдай бала багып иштеген. Баласын баккан үй-бүлө менен да урушуп кетип, кайра айылга кеткен. Ал айылга баргандан кийин байкем Орусияга иштегенге кетти. Анын артынан жеңем кайрадан Бишкекке келиптир. Ал «айылда жашабайм, айыл мага жакпайт. Шаарда жашайбыз» деп айтат. Байкем экөө сүйлөшүп турушат. Бир ай мурун "кыйналып жатам" дегенинен байкем 5 миң сом салган. Байкемдин жеңем менен чогуу жашайм деген ниети бар. "Кыйналып жатам" деп суранган жагынан жеңем актриса. Эки сүйлөп коймой да жайы бар. Жардамга муктаж деп интернетке тарагандан кийин акча сурабай калды. Эл жардам берип жатат окшойт.

Бул үй-бүлөнүн Торкен айылында жашаган үйү деп кошуналары ушул сүрөттөрдү жөнөтүштү.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(43)
13.05.2019. 09:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
20-06-2017
Соӊку аракети:
25-05-2019 11:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+5
кимсине ишеништи да билбейсиңгоо тобоо
13.05.2019. 09:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
337
Катталган:
28-09-2011
Соӊку аракети:
21-05-2019 17:02
Жынысы:
Белгисиз
+16
Бир Алла билет бир Алла кубо. Кимге ишеничти да билбейсин. Менимче келин озу эле кеткенго. Башында ойду келди кылып айтып атканда эле ойлогом.
13.05.2019. 09:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
189
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
25-05-2019 12:38
Жынысы:
Белгисиз
-9
Мен кайната кайненесине такыр ишенген жокмун. Келин келектеле "жакпай калды мага ,алып кеткиле деген "кайненеден эмнени кутсо болот?? Билбейм,кантип эле ошончо туугандары бир келинге сабатып карап тура беришсин?? Ишенбедим.
13.05.2019. 15:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
19-12-2018
Соӊку аракети:
25-05-2019 06:13
Жынысы:
Белгисиз
-14
katerina.li,ооба туура жалган суйлоп атышат , келин кетип калгандан кийин
13.05.2019. 09:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
189
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
25-05-2019 12:38
Жынысы:
Белгисиз
-27
Элден тушкон акчага коз артып,ичтери куйуп жатышса керек кайын журту. Кайниси эркек башы менен катындардай болуп суйлоптурго. Уят
13.05.2019. 09:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
09-12-2018
Соӊку аракети:
22-05-2019 17:07
Жынысы:
Белгисиз
+37
Келинден экени корунуп турбайбы. Кайнене кайната жоош момун кишилер сыяктуу.
13.05.2019. 09:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
189
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
25-05-2019 12:38
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми кеткен келинди жамандамай кыргыздардын адети.
13.05.2019. 12:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
06-01-2012
Соӊку аракети:
25-05-2019 11:19
Жынысы:
Белгисиз
-4
katerina.li,Адети эмне?
13.05.2019. 14:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
19-12-2018
Соӊку аракети:
25-05-2019 06:13
Жынысы:
Белгисиз
+3
asdef,адаты дейт
13.05.2019. 10:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
22-11-2017
Соӊку аракети:
25-05-2019 12:16
Жынысы:
Белгисиз
+30
Кайнене кайнатасы аран эле жургон адамдар экен. Келин нечар окшойт
13.05.2019. 11:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
18-02-2015
Соӊку аракети:
24-05-2019 22:15
Жынысы:
Белгисиз
+9
Келгенде жактырбаган кайын эне кийин деле жактырбай ар нерсе кылгандыр ким билет?!Лично мен кайын эне кайын атасынын созуно ишенбедим.
13.05.2019. 15:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
19-12-2018
Соӊку аракети:
25-05-2019 06:13
Жынысы:
Белгисиз
+5
_PeriWa_,туура, мен да ишенген жокмун кемпирдин созуно жалган, болушунча жамандашыптыр баары кайниси баш болуп, ушундай эле болмокда актанышып олуп калышат , баласын тим эле суттой ак кылып коюптур кошуналары да конешна булардын созун суйлосо керек, жон турган кишини кантип эле таш менен уруп качсын, абышкасы да жаман апыртыптыр карган башы менен
14.05.2019. 17:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
18-02-2015
Соӊку аракети:
24-05-2019 22:15
Жынысы:
Белгисиз
+1
Avrora2017,ооба коптоп баары жамандашып бир эле кошуна эмес 3.4нон сураса болмок
14.05.2019. 19:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
19-12-2018
Соӊку аракети:
25-05-2019 06:13
Жынысы:
Белгисиз
+2
_PeriWa_,бул биздин адатыбызда жабылып бирону тепкилемей
13.05.2019. 11:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
189
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
25-05-2019 12:38
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баарыбыз эле келин болуп келгенбиз же болобуз буюрса. Анан куйоондун уйунун босогосун аттай электе апасы "бул жакпайт мага,алып кеткиле нары"деп киргизбей атса жакшы болот беле силерге,кайненесин колдоп жаткандар??ошондой нерседен башталат балакеттин баары . Момун боло беришет да элдин козуно,гезит бетинде.
13.05.2019. 21:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
24-05-2019 18:39
Жынысы:
Белгисиз
-4
katerina.li,адамдар келинди тандаганга укуктары барбы же жокпу?
13.05.2019. 23:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
189
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
25-05-2019 12:38
Жынысы:
Белгисиз
+3
Sajakat14,куйоосу менен омур бою жашап ысык суугуна чыдайм деп ант берет ко,же кайненеси менен жашайм деп айтабы нике кыйылып атканда. Анан куйоосу тандайт да аялды,же кайнатасы менен кайненеси тандайбы. Мен момун кишилерди коро алган жокмун фотодо. Колунда жок болсо болгондур бирок момун эмес
14.05.2019. 11:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
24-05-2019 18:39
Жынысы:
Белгисиз
-3
katerina.li,каалайбызбы, каалабайбызбы кайнене менен келин бири бирин жактырбасаң согуш менен жашашат! Кайненеси менен жашайбы же баласы менен жашайбы деген күндө деле бир үйдө жашап жатышпайбы.
13.05.2019. 11:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
253
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
22-05-2019 11:52
Жынысы:
Белгисиз
+21
Мына,инстаграм,фейсбукка чыккандан бери кошуналары,билген адамдар «ал калп айтат,актриса»-деп Эле жазып жатышат. Озу айылда жашагысы келбей,калп айтып,шаарда калайын деген планы бар го.Келинге ишенген жокмун.
13.05.2019. 15:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
232
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
25-05-2019 01:32
Жынысы:
Белгисиз
+14
Мени дагы коп ишене бербегем откон санда,башында боорум ооруп окуп баштап анан кайнежелерим оозума арак куюп,анан тундо кусуп алып жатайын десем башыма уруп деген жерине келгенде эле ирээнжий тушком,ичкен аялдан жакшы соз чыгат беле,жакшы болот беле?алжайып мас болуп отурганын элестеттим...
13.05.2019. 15:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
232
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
25-05-2019 01:32
Жынысы:
Белгисиз
+5
анан да башка тармактарда кайын журту жоош адамдар,анчалыкка бара тургандардан эмес деп жазып жатышты,ойлогом ошондо же эки жак тен биринен бири калышпайт,же келин начар деп,негизи токтобой,саймедиреп суйлогонунон эле билсе болот оозун ачып,жемин жедире тургандардан эмес экенин..
14.05.2019. 10:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
232
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
25-05-2019 01:32
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nur777,бирок кандай болгон кундо да,кандай келин болсо азыр 2 баласын жалгыз багып жатат,жардам берип жаткандар кол узбой жардамын бере берсе экен дейли...
13.05.2019. 16:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
08-05-2017
Соӊку аракети:
20-05-2019 15:31
Жынысы:
Белгисиз
+7
Менимче эки жак тен бири-бирине топ келишкен адамдар окшойт. Бирок келин бираз озун, тилин тыйып, жакшы жашап кетсе болмок экен балдары учун, кейпи суук болсо деле, жакшы соз жыланды ийининен чыгарат демекчи, жакшы суйлосо, "ажыдаар" кайнене деле жумшармак да.
14.05.2019. 12:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
09-08-2015
Соӊку аракети:
20-05-2019 18:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+3
petushokimishka,жакшы суйлосон тушунбогон кайненелер да бар
13.05.2019. 17:46 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
13-02-2019
Соӊку аракети:
13-05-2019 18:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Кол чапсан еконон Тен ун чыгат го ушу сыйакту да еки жакта Тен бар
13.05.2019. 18:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
98
Катталган:
21-09-2012
Соӊку аракети:
23-05-2019 15:36
Жынысы:
Белгисиз
+9
Баласы жактырып алып келип атса мунун мага жаккан жок кетип деп апасы турса,атасы болсо эч нерсе боло электе эле кийин окуносун деп турса)). Кайн журтта да кеп бар экен да, келип келе электе эле кетир дешсе далай кордук коргозуп бирине бири сыйлары кетип буткон уй булоо экен.
13.05.2019. 20:07 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
01-05-2019
Соӊку аракети:
24-05-2019 12:09
Жынысы:
Белгисиз
+4
Милицияга чалып чакырып эмне дейт билбейм дейт кошунасы эгерде келин озу уруп атса кантип милицияны озу чакырат? Значет кайын журту начар
13.05.2019. 20:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
23-08-2018
Соӊку аракети:
24-05-2019 17:57
Жынысы:
Белгисиз
+4
Келин сабатсыз ойду-тоону суйлойт окшойт.Кайнене,кайнатасы жоош экени корунуп турат.
14.05.2019. 13:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
189
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
25-05-2019 12:38
Жынысы:
Белгисиз
+3
Grazy-girl2019,калгандары сабаттуу экенби ошондо??? Эшегине жараша тушагы дейт мындайды
13.05.2019. 21:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
24-05-2019 19:18
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир Алла билет кимде күнөө экенин. Мен келиндин оюн угуп ойлодум эле кайын ата энеси кыйынсыган адам окшойт деп. Жоош момун эле үй булодой көрүнөт. Карыганда кызматын кылып тыпылдап турса кимге эле жакпасын
13.05.2019. 21:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
24-05-2019 18:39
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бири бири менен жашай алышпаса ажырашышсын. Бири бирин таш менен кууп уруп, бири бирин өлтүрүп тынышат болбосо. Ит мышыктай кырылышкан үй бүлөдө чоңойгон балдар деле зөөкүр болуп чоңоюшатго. Өз көзүм менен көрбөгөндөн кийин баса айта албайм. Бирок келин шаарда жашагысы келип эле келип алганго. Өзү жетим кыз болуп чоңойсо, өзү деле мээрим көрбөй кордук көрүп, суук сөз угуп чоңойгондур. Анан ошол зөөкүрлүктү башкаларга дагы көрсөтүп жатат мүмкүн.
13.05.2019. 22:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
24-05-2019 18:39
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башында эле кайненесине жакпагандан кийин отургузбай эле коюшпаптыр. Кайненеси менен келин бири бирине жакпаса жашоо жок да. Алып келе электе мурун эле бири бири менен бир жолугуп, таанышып байкаштырып көрүшсө болмок экен. Үй-бүлө куруу бул кийим сатып алуу эмес да. Кайнене, кайнатасын көзгө илбей ансыз деле башы оогон жакка кете берет турбайбы. Мурун дагы Бишкекке бала бакканга иштегенге келип кеткен турбайбы. Урушуп кетип кайра кетиптир айылга.
14.05.2019. 00:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
182
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
25-05-2019 11:30
Жынысы:
Белгисиз
+3
Турмуш татаал акылдуу,жана сабырдуу адамгана жене алат,не дейбиз келинине да кемпирине да Жараткан ыйман берсин. Келиндин созун угуп боорум ооруду эле,эми бул карыган ата апаны угуп чындык ким тарапта экенине ишене албай калдым. Ыйык Рамазан айында АЛЛАдан жакшы тилек дуа кылып сабыр сактап турушса болмок экен. Ушу ызы чуунун эртени бала чакасына соз тийбейт деп ким кепилдик бере алат. Ар бир уйдо уюуган ынтымак,бекем ыйман,бактылуулук орносун,элибизде тынчылык молчулук болсун ылайым Оомийин!!!
14.05.2019. 11:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
05-11-2014
Соӊку аракети:
24-05-2019 15:09
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бири бирине сыйы кетип бутуптур аттин. Келинди акырыын тарбиялап Оз жолуна салып алуу кайненеге таандык нерсе. Анан мин момун корунгону мн отуруп алып тили мн жайлап коюшат да анан келин психовать этип чыгат
14.05.2019. 11:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
200
Катталган:
31-03-2009
Соӊку аракети:
22-05-2019 17:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бактылуулар калаасы.
+5
Мындай келинди вообще кетирип ийгиле. Аран жан абышка кемпирди сыздаткан онбой калсын.
14.05.2019. 14:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
29-01-2019
Соӊку аракети:
24-05-2019 23:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Андай келинди жоок кылгыла карыганда кордук корбой ?
14.05.2019. 17:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
639
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
25-05-2019 11:12
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кор ичегини оз денендин бир болугу болсо да жашаш учун кестирип салыш керек же жарылып олуш керек!!! Булардын тандоосу да ушул жолдо турат
14.05.2019. 17:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
06-09-2016
Соӊку аракети:
24-05-2019 16:53
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чогу жашабагандайын жоош коруно беретта куйосу, мисалы мен бир байкени билем элдин баары менен жакшы, биздин уй було мененда мамилеси жакшы бирок аялынын когоргон бети башын денесин коргондо айла жок
16.05.2019. 19:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
389
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
25-05-2019 00:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazgul20,туура айтасын чогу жашаган гана киши билетда
15.05.2019. 04:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
25-04-2018
Соӊку аракети:
25-05-2019 12:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздору билишет башынарды оорутбагыла
17.05.2019. 02:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
14-07-2016
Соӊку аракети:
23-05-2019 23:30
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келинден ушул кайн ата, кайын энесин сыйын ордуна койбосо, кошуналары жалган айтпайт чыгар.
17.05.2019. 10:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
28-01-2014
Соӊку аракети:
24-05-2019 18:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Мен абышка кемпирдин созуно ишенип турам. Келин кичине ойдо ылдый сыяктуу корунот.Ким билет балким жанылып жаткандырбыз. Керкисинде да кемтигинде да бар деп койчу беле.
18.05.2019. 08:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
25-05-2019 01:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракөл
+2
Улуу кишилер адамды бир карап билет, жакшы жаман экенин... демек жакпады, өкүнөсүң дегени туура эле. Кудай сактасын башка сөз айтып болбойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 15 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Крим-инфо
Турмуш
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2019 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Жибек Жолу проспектиси 381,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
USD 69,85  RUB 1,08
Кирүү
Каттоо