Макалалар

№862 9-15май, 2019-жыл

БЕТИНЕ БЫЧАК ТИЙГИЗБЕГЕН КОРЕЙ ЖЫЛДЫЗДАРЫ

  1. Сезимдерди козгогон кызыктуу дорамалар, сулуу жүздөр, айтор, дүйнө элинде Түштүк Кореяга болгон кызыгуу күч. Чындыгында баары эле сулуу, анткен менен пластикалык хирургиянын кызматын пайдаланбаган жылдыздар аз. Бул теманын айланасында күйөрмандар менен хейтерлердин ортосунда кызуу талкуу жүрүп келет. Ар бир күйөрман сүйүктүү жылдызын коргоп, анын пластикалык операция жасатпаганын тастыктоо менен алек. Келбетине өзгөртүү киргизбеген артисттердин гонорары абдан жогору. Анда төмөндө табигый сулуулукту баалаган корей жылдыздары тууралуу кеп кылабыз.

  2. «Картөшкө мурун» ПАК ШИН ХЕ

    29 жаштагы актриса, ырчы, модель Пак Шин Хе Түштүк Кореядагы сулуу айымдардын катарын толуктап келет. Анын мурдунун түзүлүшүн сындагандар абдан көп. Ага карабастан ал жүзүнө пластикалык операция жасатууну туура көргөн эмес. Өзү бул тууралуу: «Мага мурдумду кырдач кылып жасатышым керектигин көп айтышат. «Мурдуңдун учу картөшкөгө окшош», «мурдуң жарашыксыз» дегенге чейин барышат. Бирок мен дарегиме айтылган жаман пикирлерге көңүл бурбайм»,- деп сынчыларга так кесе жооп кайтарган. Сынчылардын пикири эч кимдин көз карашын өзгөртө алган эмес. Себеби актрисанын сулуулугун баалагандар миллиондоп саналат. «Сулуулугуңдун сыры эмнеде?» деген суроого ал «убактымдын көбүн машыгуу залында өткөрөм, арыкмын, балким, ушундан улам жакшынакаймын» деп жооп берген. «Асманга карай тепкич», «Сен кереметсиң», «Мураскорлор», «Альгамбра жөнүндө эскерүү» жана башка көптөгөн дорамаларды көркүнө чыгарган Пак Шин Хе Кореядагы эң жогорку акы төлөнгөн актрисалардын рейтингинен орун алып келет.

  3. Айымдар идеал туткан КИМ ТЭ ХИ

    Ким Тэ Хи дегенде дароо көз алдыма «Айрис» сериалы тартылат. Дал ошол сериалдагы сулуу бийкечти Түштүк Кореядагы көпчүлүк айымдар идеал тутушат. Келбетине канааттанбаган кыздар пластикалык хирургга анын жүзүн көрсөтүп, актрисаныкындай бет түзүлүш каалаарын айтышат. Андыктан анын өң-келбетине карата бир дагы терс пикир айтылып, талкууга түшкөн эмес. Эл анын табигый сулуулугуна суктанып бүтпөйт. Ким Тэ Хи учурда 39 жашта. Ал сулуу жүз үчүн беттин терисин аярлоо керектигин айтат. «Мен дайыма камера алдындамын, андыктан жүзүм жакшы сакталышы керек. Бетимди кол менен ушалап жуубастан, суу менен аяр гана чайкап коём. Бул бырыштардын алдын алууга жардам берет. Эгер бетимден кызарган кичинекей эле чекит көрсөм, дароо дерматологго жөнөйм. Дайыма уктаар алдында атайын маскаларды колдоном»,- дейт актриса.

  4. Оптимизмден сулууланган ЧОН ЖИ ХЁН

    Сулуулук, каржылык, популярдуулук жаатындагы рейтингдердин алдыңкы катарынан орун алган дагы бир актриса – 37 жаштагы Чон Жи Хён. Анын сулуулугуна байланыштуу ар кандай кептер айтылып келет. Айрымдары анын генин изилдөөгө аракет кылышып «ата-энеси Кытайдан келген иммигранттар экен» десе, кээ бирлери «Жи Хён жүзүнө пластикалык операция жасаткан» деп кызуу талкуулап келишет. Актриса сулуулук үчүн өзгөчө деле күч жумшабайт. Ал үчүн жылдыздуу, сулуу көрүнүүнүн сыры – оптимизм. «Ар бир аялзаты өзүн эркин сезсин жана чыныгы кубаныч алып келе турган иштерди жасасын. Дүкөн кыдырсын, каалаганын жесин, достору, жакындары менен кызыктуу убакыт өткөрсүн. Оптимизм – менин сулуулуктагы эң негизги куралым»,- дейт ал. «Ромашка», «Жылдыздан келген адам», «Көк деңиз уламышы»... Айтор, ал тартылган дорамабы, жарнамабы, баарын эл жакшы кабыл алат. Табигый сулуулукка жуурулган таланттын арзан турбасы айкын. Чондун бир эпизод үчүн алган гонорары 84 миң долларды чапчыйт.

  5. Жаштыктын эталону СОН ХЕ КЁ

    «Күз жомогу», «Ва-банк» сериалдары менен атактуулукка жеткен белгилүү актриса, модель Сон Хе Кё Түштүк Кореядагы эң сулуу айымдардын бири. Ал эле эмес, дүйнөдөгү эң сулуу 100 айымдын катарынан да орун алган. 18 жаштагы селкидей көрүнгөн актрисаны келбетине карап эч ким 37 жашта деп ойлобойт. Ал буга чейин эч кандай пластикалык хирургиянын кызматын пайдаланган эмес. Бала чагынан берки сүрөттөрүнөн олуттуу өзгөрүүнү көрбөгөн күйөрмандар, хейтерлер да анын өң-келбетине байланыштуу сын айта алышкан эмес. Актриса сулуулук сырын жашырбайт. Ал келбетине элдик жана заманбап ыкмалар менен кам көрөрүн, машыгуу залына үзгүлтүксүз барарын, залдан кийин сөзсүз түрдө жылымык сууга жуунарын жана уктаар алдында дайыма бетине убакыт бөлөрүн айтат.

  6. Урматтуу К-рор жана корей тасмаларынын күйөрмандары, мындан ары «Супер-Инфонун» ар бир санынан корей жылдыздары тууралуу кызыктуу маалыматтарды окуй аласыздар. Кайсы жылдыз жөнүндө окугуңуз келсе, гезиттин Инстаграмдагы super_info_official расмий баракчасына сунушуңузду жазсаңыз болот.

    Динара Акимова
    star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
13.05.2019. 09:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
337
Катталган:
28-09-2011
Соӊку аракети:
21-05-2019 17:02
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сон Ге Хе менен Пак Шин Хе олло жагат.
13.05.2019. 13:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
29-07-2017
Соӊку аракети:
25-05-2019 00:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош&Жалал-Абад
+1
Биз бетибизди мачалкалап жышып жууйбуз го. Айрыкча кечинде скраб мн эззип жууп уктайт экем.
13.05.2019. 18:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
13-10-2013
Соӊку аракети:
21-05-2019 16:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Көңүлдүн көчөлөрү...
-1
Чон Жи Хён жагат өлө
14.05.2019. 04:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
154
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
25-05-2019 03:37
Жынысы:
Белгисиз
+8
Барган сайын окуганга жакшыраак макала таппай калдык го. Же сериалдары жок
14.05.2019. 13:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
26-03-2014
Соӊку аракети:
21-05-2019 10:29
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мага каштары жакты баарынын. Азыр бизде кочого чыксан копчулуктун кашы татуаж, эч жарашыгы жок, кырлары корунуп Турган, кебетесин бузган ушул процедураны акча коротуп жасаткандарга тушунбойм
15.05.2019. 18:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
03-03-2016
Соӊку аракети:
25-05-2019 00:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын
0
Бир убакта менда сурма чыгарам деп чыктым эле чиркин
17.05.2019. 19:38 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
04-03-2019
Соӊку аракети:
21-05-2019 16:39
Жынысы:
Белгисиз
-1
Park Soo Ae жөнүндө чыгарсаңар жакшы болмок
19.05.2019. 23:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
29-11-2018
Соӊку аракети:
19-05-2019 23:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон Чжи Хен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 15 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Крим-инфо
Турмуш
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2019 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Жибек Жолу проспектиси 381,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
USD 69,85  RUB 1,08
Кирүү
Каттоо