КОШ БОЙЛУУ КЕЛИН ЭКИ ЖАШ БАЛАСЫ МЕНЕН БАШПААНЕК ИЗДЕЙТ

КОШ БОЙЛУУ КЕЛИН ЭКИ ЖАШ БАЛАСЫ МЕНЕН БАШПААНЕК ИЗДЕЙТ

№879 5-11-сентябрь, 2019-ж

2 баласын жетелеген кош бойлуу келинди ээрчитип, редакциябызга бейтааныш аял келди. “Бул келин мага эч ким эмес, бирок анын тагдырын угуп, кайдыгер карап тура алган жокмун” деген жаран келиндин тагдырын баяндап отурду. Удаалаш төрөлгөн эки баласы келинди бучкактап, ага ачылып сүйлөп берүүсүнө мүмкүндүк берчүдөй эмес. Анын үстүнө тубаса оору менен төрөлгөн келин оюн толук түшүндүрүп бере албайт экен.

“НАРГИЗА ДАУН СИНДРОМУ МЕНЕН ООРУЙТ ЭКЕН”

Бейтааныш аял атын атагысы келген жок. Ал келиндин аты Наргиза экенин айтты. Келин өзү кыскача, жолдошу ичимдик ичип алып урарын, үй-бүлөсүн бакпасын жана бир ирет мурдун сындыра чапканын айтат.

– Наргизаны мен Ысык-Көлдөн жолуктуруп, таанышып калдым. Ал жакка өзүм ден соолугумду чыңдап алуу максатында дарыланганы баргам. Келин эки баласы менен баш калкалоо үчүн батир издеп жүрүптүр, көрүп аябай боорум ооруду. Адамдардан жалтанып калган, кээде гана ишеничтүү, боорукер бирөөгө ачылып сүйлөп берет. Өзү, кошуналары жана туугандары менен сүйлөшүп, буларды билдим:

Кошунасынын айтымында, Наргиза даун синдрому менен төрөлгөн экен. Анык ошол дарт менен ооруйт деп айта албайм, бирок психикалык жактан жабыркай турганы көрүнүп турат. Кичинекей кезинде ата-энеси да анын ооруганына көңүл бурушпаптыр. Ооруканага деле алып барышкан эмес экен. Апасы Наргиза кичине кезинде ооруп каза болуптур. Атасы жөнүндө эч нерсе деле айткан эмес, ал тууралуу маалыматыбыз жок. Апасынын көзү өтүп кеткенден кийин таенесинин колунда чоңоюптур. Мектепке барып, тамга таанып окуган эмес экен. Бой жеткенде таежеси тааныштары аркылуу күйөө таап бериптир. Улуу кызы 4 жашта, кичинеси уул, 2 жашта. Курсагындагысына 5-6 ай болуп калыптыр.

“КҮЙӨӨСҮ БАЛДАРЫН ДА УРАТ ЭКЕН”

– Күйөөсү урат экен. Бир ирет мурдун сындыра чааптыр. Анысы аз келгенсип балдарына да кол көтөрөт экен. Кызы да “атам мени урат” деп өзүн чекеге чапкылап, булдурап сүйлөп берди. Наргиза өзү урушканды, кишиге сөз кайтарганды да билбейт, жаш баладай эле унчукпай жүрө берет.

Азыр эми күйөөсү үйдөн чыгып кетиптир. Кайда экенин да билбейм дейт. Анын кетип калганына кайненеси бул келинди күнөөлөп, “төркүнүңө кет” деп үйдөн кууп чыгыптыр. Өзүнүн дагы, балдарынын дагы документтерин бербей, алып калыптыр. Балдарына мамлекеттен жөлөк пул чектелген эмес. Тиешелүү жактарга кайрылалы десек колунда документтери жок болуп жатат. Жакында төрөсө төрөт үйүнө, баласына күбөлүк алууга документтери керек болот.

“ТАЕНЕСИ ЖАРДАМ БЕРЕ АЛБАЙТ”

– Үйүнөн кетирип жиберишкенде төркүнүнө барыптыр. Таенеси көп балалуу улгайган аял экен, учурда өзү ооруп төшөктө жатат. Анын үйүндө жашап жүргөндө таенеси “жакында неберелеримди алып келиним келет, сен эптеп батир таап чыгышың керек. Биз колубуздан келишинче тамак-ашыңа жардам беребиз” дептир. Наргиза Чолпон-Атада 2 баласын жетелеп алып батир издеп жүргөндө жолуктуруп калып, ошондо тааныштым. Батир тапканы менен, өзү эч жерде иштебесе, анын акысын ким төлөмөк эле? Колумдан келишинче балдарынын курсагын тойгузуп, кичине кийим-кече алып бердим. Мындан ашыгына каалап турсам да алым жетпейт экен. Ошого боорукер элдер угуп, окуса, маалымат алса жардам берер киши табылар деген үмүттө Бишкекке алып келип, силердин редакцияга кайрылдык. Өзүбүз да батирде турабыз. Ошол себептен үйгө батыра алчудай эмеспиз.

Наргиза жардамга муктаж. Өздөрү үч бир тууган экен. Эжелери турмушка чыгып, өз турмуштары менен алек деди. Азыр ата-эне менен эле бир туугандан жардам күтөсүң. Ал эми Наргизанын андай каралаша турган шарты бар туугандары жок.

Наргизаны ээрчитип келген жаран аны биздин редакциядан чыккандан кийин Бишкектеги убактылуу баш калкалоочу кризистик борборлордун бирине жайгаштырганын айтты. Жардам берүүнү каалагандар Трудовая, 10 дарегинде жайгашкан кризистик борбордон издесе болот.

Айпери Хожаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
09.09.2019. 09:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
310
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
18-09-2019 06:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+20
Кайсы элден жудоо корсон зайыпты,ошол элдин уулуна кой айыпты....
09.09.2019. 09:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
163
Катталган:
03-08-2013
Соӊку аракети:
17-09-2019 11:44
Жынысы:
Белгисиз
+13
Куйоосуно наалат
09.09.2019. 16:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
06-05-2014
Соӊку аракети:
17-09-2019 10:38
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кайненеси документтерин алып койсо сотко арыз жазсын. Эки бала менен кош бойлуу келинди кочого айдаган кандай акмак. Супер инфо кайын журту мн байланышып документин алып бергиле
10.09.2019. 00:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
380
Катталган:
19-12-2018
Соӊку аракети:
18-09-2019 03:22
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эл журт жардам бергиле такыр эле бечара экен, телефонун жазгыла чет жактан да чыгат кол сунгандар, анан президентке да жазсанар может уй беришер, озу жарым эс болсо инвалид деп пособие алыш керек эле да бул байкушта эштеке жок акмакчылык, жанагы кара башыны жегир жеп жутаттар чиновник кыргызстанды талап тоногон ончой байлар бок курсак чимкириктер курсагынар жарылып тушуп калса экен бир куну ушулардын айынан моминтип куурап жургондор толтура, а бул чимкириктердин балдары 80 90 мин долларлык
10.09.2019. 00:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
380
Катталган:
19-12-2018
Соӊку аракети:
18-09-2019 03:22
Жынысы:
Белгисиз
+2
Avrora2017,машина тееп журушот, кее бирлер бир комнат уйго жетпей жургондо, ХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-09-10 12:45:19
11.09.2019. 20:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1214
Катталган:
05-05-2013
Соӊку аракети:
17-09-2019 11:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+2
Кайненеси документтерин эмнеге алып калат дейм да. Келин, небере керек эмес болсо документин колуна карматсын. Документти бербей койгонго эле кыйын экен үйдөн кууп чыкчуулар.
11.09.2019. 22:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
397
Катталган:
06-02-2012
Соӊку аракети:
12-09-2019 08:56
Жынысы:
Белгисиз
+1
Счет ачып койсо болот уй болбосо да жашаганына тамак ашка акча болушо тургандар чыгаар...
12.09.2019. 19:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
06-11-2016
Соӊку аракети:
17-09-2019 18:30
Жынысы:
Белгисиз
+1
Документтерин атайын бербеген го балким жоготуп койот деп ,кууп чыкпаса деле озу чыгыпкеткендир
munira-tilen түзөттү 2019-09-12 19:40:59
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 15 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Крим-инфо
Турмуш
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2019 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Жибек Жолу проспектиси 381,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
USD 69,79  RUB 1,09
Кирүү
Каттоо