ПАЛЬМА МАЙЫ ЭМНЕСИ МЕНЕН КОРКУНУЧТУУ?

ПАЛЬМА МАЙЫ ЭМНЕСИ МЕНЕН КОРКУНУЧТУУ?

№883 3-9-октябрь, 2019-ж.

Акыркы жылдары пальма майы дүйнөгө 2 себеп боюнча дүрбөлөң салууда. Бири – пальма плантацияларынын аянты улам кеңейип, тропик токойлорунун аянты кыскарып жатканы. Экинчиси – майдын адам организмине тийгизген таасири. Бул боюнча май организмге керектүү дешсе, айрымдары зыяндуу дешет. Кайсынысы чындык?



МАЙДЫ ЭҢ КӨП ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨР ИНДОНЕЗИЯ МЕНЕН МАЛАЙЗИЯ

Пальма майы мекени Африка болгон май берүүчү пальма түрүнөн алынат. Африкадан тышкары климаты ыңгайлуу болгон башка өлкөлөр илгертеден өстүрүшөт. Дүйнө керектеген пальма майынын төрттөн үч бөлүгү Малайзия менен Индонезияда өндүрүлөт. Бир жылда жапайы өскөндөрү 2, ал эми плантацияда өскөндөрү 3-4 ирет түшүм берет. Ар бир шиңгилде жалпы салмагы 25-50 килограммга чейин жеткен 600-1200гө дейре мөмө болот. Мөмөлөрүнүн чоңдугу 3-4 сантиметр. Түшүм мол берип, май көп алынгандыктан баасы башка өсүмдүк майларына салыштырмалуу арзан. Ошондуктан аны импорттоочулар көп. Этинен сыгылган май кызыл (кызгылт сары), данегинен алынган май сары өңдө. Кымбаты болуп таза кызыл май эсептелет.

Пальма майы башка өсүмдүк майларына караганда бузулбай узакка сакталат. Ошондуктан аны бузулбай, катпай, даамы жоголбой турушу үчүн азыктарга кошушат. Майлардын 80 пайызы тамак-ашка колдонулат, ошондой эле техникалык май катары да пайдаланылат. Өндүрүлгөн майдын 60 пайызын Азия, 10 пайызын Европа өлкөлөрү сатып алат.

ДҮЙНӨ ЧУРУ-ЧУУ ТҮШКҮДӨЙ ЗЫЯНЫ ЭМНЕДЕ?

Европа өлкөлөрү жана АКШ пальма майы жүрөк-кан тамыр ооруларын жаратат деп тамак-ашка колдонууга тыюу салган. Аны техникалык май катары гана колдонушат. Пальма майы организмде көнүп калууну жаратат. Адам ал кошулган азыкты улам жегиси келе берет. Майдын зыяндуулугу тууралуу көптөгөн окумуштуулар, дарыгерлер өз пикирлерин айтып чыгышкан жана айтышууда. Мисалы, Орусиянын Москва улуттук университетинин илимий кызматкери Дмитрий Еделев: «Техникалык пальма майында глицидол эфири бар. Бул эфир рак оорусунун 37 пайызынын келип чыгышына себепкер. Андыктан тамак-ашка зыяндуу заттардын кошулушун азайтсак рак оорулары үчтөн бирге кыскарышы мүмкүн. Глицидол ашказан-ичеги, боор, тери, эмчек, жыныстык органдар, калкан сымал без, бөйрөк жана өпкөгө уулуу таасирин тийгизет. Балдардын майып болуп төрөлүшүнүн да бир себеби ошол эфир»,- дейт.

«Пальма майындагы 3-МСРД заты эркектердин жыныстык клеткасына оңой кирип, сперматозоиддерди зыянга учуратат, эркек тукумсуз болуп калат» деген окумуштуулар да бар. Пальма майы каныккан жана каныкпаган май кычкылдарына бай болгондуктан аны ысытканда ого бетер канцерогендүү (уулуу) болуп калат. Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдө пальма майын колдонууга тыюу салынган эмес. Кыргыз өлкөсү аны ташып келүүнү максималдуу токтотуу сунушу менен ЕАЭБдин экономикалык комиссиясына кайрылган. Бирок азырынча жыйынтык жок. Сунушту ЕАЭБдин башка мүчөлөрү да колдоп, атайын мыйзам кабыл алынмайынча жыйынтык чыкпайт.

«САПАТТУУ АЗЫК ЭЧ КАЧАН АРЗАН БОЛБОЙТ!»

Мамраим Жумабаев, Улуттук кардиология борборунун гастроэнтерология жана нефрология бөлүмүнүн жетекчиси:

-Пальма майынын эң көп ташылуучу жана тамак-ашка көп колдонулуучу түрү – арзан, сапаты начар гидрогенизделген түрү. Бул май чайыр жана парафин түрүндө болот. Суюк майды атайын иштетүү аркылуу ошондой абалга келтиришет. Аны азыктарга кошушат.

Пальма майын атайын иштетүүдөн өткөргөндө витаминдер жок калат. Ошол эле кезде курамында рак, атеросклероз, инсульт, инфарктты чакыруучу заттар болот.

Пайдасы барбы деген суроого келсек, пальма майы Тутанхамон заманында эле колдонулган, бирок таза, табигый түрдө. Иштетүүдөн өтпөгөн нукура пальма майынын курамындагы A, E витаминдери жана кератин, көзгө, чачка, териге оң таасирин тийгизип, алардын абалын жакшыртат. Майдын антиоксиданттык (кычкылданууга каршы, эрте картаюунун алдын алуучу) касиети да бар. Ошол эле учурда таза майдын курамында каныккан май кычкылдары 44 пайызды түзөт. Андай кычкылдар чочконун майында 30, каймак-майда 25 пайызды түзөт. Ушунун өзү пальма майы жүрөк-кан тамыр жана рак оорусун пайда кыларын айтып турат.

Бизге таза май келбейт, анткени тазасы кымбат. Ташып келүү чыгымдарын кошкондо баасы ого бетер өсүп кетет.

Пальма майын азык-заттарга жана балдар азыктарына кошкон уяттуу бирин-серин гана өндүрүүчүлөр азыктын этикеткасына анын бар экенин жазышат. Калгандары товар өтсүн үчүн жашырып «өсүмдүк майы», «өсүмдүк катуу майы», «пальма олеини» деп жазышат. Балдар азыгына кошулган пальма майы кальцийди сиңирбей, баланын сөөгү кеч өсөрү аныкталган. Мисалы, сырдын сыртында «сыр» эмес, «сыр азыгы» деп жазылып турса, анда пальма майы колдонулган болушу мүмкүн.

Андыктан азык аларда курамын окуңуз. Дүкөндөгү мөөнөтү узакка сакталуучу печенье, момпосуй жана башка азыктарды албай, экологиялык жактан таза каймакты, сүттү колдонуңуздар. Булочка, торт, сыр жана башкаларды үйдөн жасап жеңиздер. Сүт азыктарынын мөөнөтү кыскаларын алган оң. Баасынын арзан экендигине эмес, кымбат болсо да сапаттуусуна басым жасаңыз. Анткени товардын баасынан дагы өзүңүздүн, балдарыңыздын ден соолугу кымбат.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(3)
08.10.2019. 04:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
04-06-2019
Соӊку аракети:
19-10-2019 14:09
Жынысы:
Белгисиз
+2
Канымжан Усупбекова копчулуко пайдалуу, кызыктуу материалдарды даярдайт. Рахмаат эмгегиниз учун!
08.10.2019. 09:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
137
Катталган:
27-06-2018
Соӊку аракети:
18-10-2019 14:32
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмат, пайдалуу макала!
11.10.2019. 04:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
28-09-2015
Соӊку аракети:
19-10-2019 07:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Сары май деп эле жазсаңар, каймак май дебей...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 15 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Крим-инфо
Турмуш
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2019 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Жибек Жолу проспектиси 381,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
USD 69,8  RUB 1,09
Кирүү
Каттоо