ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

№907 19-25-март, 2020-ж.

(Башы өткөн сандарда)

Жалгыз караан келе жатты. Алсыз болчу. Улам токтойт, кайра илгерилейт. Жолдун аягы көрүнбөгөндөй. Акыры темтеңдеп келди да, эшикке жакындады. Эшикти ачып, тааныш босогодон аттады. Атасы уйкусуз короодо басып жүргөн экен, тиктеп калды. Уулун көрүп, Эрнис чуркап келди.

– Айдар, уулум.

– Ата-а...

Оозунан арак буркурайт. Алсырап бүткөн экен. Теңселип турганында башын жөлөй калды. Баласын керебетине жаткырды да, башын чайкап турду.

Айдар ойгонуп, өз үйүндө жатканын билди. Атасы бир нерсе кылып жүргөнүн кыймылынан туйду. Бөлмөсүнө келип, баш жагына отурганда көзүн жумуп алды.

– Болду эми, жигит, акылыңа кел.

– Ата, аны сен таап алып келдиң, ээ?

– Жок, өзү келди.

– Жашоомду түпкүрүнөн кыйраттыңар. Экөөңөр мага бир күн да бактылуу болууга уруксат бербедиңер.

Эрнис баласын жулкулдатып, өзүнө каратты.

– Мени кара, сага башында айткам. Мен күнөөлүү болчумун. Асия менин күнөөмдүн курмандыгы.

– Ал сүттөй акпы?

– Турмуш бизди өзү жазалады. Сен Кудайдан да кыйын болуп кеткен жоксуң, балам. Бир жолу айтканын ук, балким, аны түшүнөрсүң. Бир жолу угуп көр.

– Жок!

Айдар көк бет эле. Канча адам айтса да болбоду, жүрөгү жибибеди. Турмушка кайта баштады, бирок Айдар эмес, анын көлөкөсү сымал эле. Жумушуна барат, кайра келет. Эч ким менен сүйлөшпөйт. Мурунку жайнаган көз карашы азыр тоңуп калган. Муздак, кайдыгер карачу болду. Балдар үйүндө Аруукеден ажыратып коюшканда дал ушул абалда калган. Өзү менен өзү эле.

Ошол күндөрдө ага кат келди, апасы жазган экен. Атасы эртең менен колуна карматты да, үн катпай чыгып кетти. Алгач тытып, ыргытып жиберейин деген, бирок колу барбады. Катты жарым сааттай тиктеп турду да, акыры колуна алып, ачып окуй баштады.

– Айдар, уулум. Уулум дегенге укугум жок экенин билем. Бирок баары бир уулумсуң. Канчалык баш чайкасаң да, мен сени жарык дүйнөгө алып келген апаңмын. Туура, мени кечирбейсиң. Мүмкүн эмес. Негизи мен кечирим сураш үчүн деле келген жокмун. Өмүрүмдүн акырында арманым калбасын деп сени бир көргөнү келдим. Алыстан эле көргөнүмө ыраазы

болмокмун. Бирок Эрнис болбой койду. Ошол күнү сени айкөл, мээримдүү экениңди айтып, жетелеп барды. Тоюңду байкабастан бузуп алдым. Балким, сени жана колуктуңду бактылуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраттым. Мына ушуга аябай өкүндүм.

Турмуш мени сынады, баарыбызды сынады. Мен сени таштап кеткенде болгону 22 жашта болчумун. Сулуу элем, жаш элем. Эркектердин таландысында кала турган болгонумда бир адам жолумдан чыкты. Эгерде Абдул жолукпаганда, мен эмне болот элем, билбейм. Бир гана ошол адам бул дүйнөдө мага адам катары мамиле кылды. Аял болгонду аны менен жашап үйрөндүм. Аздектелген адам болуу кандай экенин ошол адам аркылуу билдим. Кеп ал алып берген алтын-күмүштө эмес эле. Балким, ошондодур?.. Бирок андан да кымбаты – мен ал адамдын жанында эч ким кире алгыс темир сепилдин ичиндегидей корголуу элем. Сүйүктүү аялы болдум. Сени жана өтмүшүмдү унутканга аргасыз болдум. Абдулга мурун турмушка чыкканымды жана балам бар экенин башында айтсам болмок, кийин кеч болуп калды. Көңүлүн оорута албайт болчумун. Өткөнүмдү чийип салып, сүйүктүү аял болуп жашоо оңой болчу. Бирок чийилбейт тура. Көзүңдү жумуп, кулагыңды жаап, жан дүйнөңдү тумчулап салсаң да, өтмүшүңдү унута албайсың. Сенин көкүрөгүңдө мен ар дайым кандай жашасам, сен дагы менин жан дүйнөмдө ошондой жашадың. Сен мени унута алдыңбы? Унута алсаң, көкүрөгүңдө болбосом, келгенимди мынчалык оор кабыл албайт элең.

Сонун жигит болуп чоңойгон экенсиң. Сени атаң экөөбүз чоңойткон жокпуз. Эч качан жаныңда боло албадык. Бул жолу да жүрөгүңдү канаткандан башка эч бир жардамым тийбеди.

Бүгүн ата-энеме барам. Кайсы бир жылдары “сендей кызым жок” деп тирүү кызын чийип салган атама барам. Мен аны бүгүн кечирдим. Кечире албайм деп ойлогом, бирок кечирдим. Кайсы бир күнү сен дагы мени кечирип каларсың. Мен сени ар дайым күтүп жашаарымды бил. Кош!

Катты окуду. Чыңалып турган денеси бошой түшкөндөй болду. “Кетсе кетсин, эмне болсо ошол болсун” деди ичинен...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 
Комментарийлер(4)
23.03.2020. 10:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
30-08-2018
Соӊку аракети:
30-03-2020 09:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракол
0

Ээк ушунча элеби бир жума зарыгып күтсө
23.03.2020. 14:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
16-08-2017
Соӊку аракети:
09-04-2020 11:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Мммда, менин апам келсе кандай кабыл алат болдум экен
28.03.2020. 10:46 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
22-02-2020
Соӊку аракети:
09-04-2020 16:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Группага чыгап жатат ошол жактан окусаңар болот
28.03.2020. 23:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
14-09-2016
Соӊку аракети:
28-03-2020 23:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Raihan0602,
кайсыл группага
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 15 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Крим-инфо
Турмуш
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2020 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Жибек Жолу проспектиси 381,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо