ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 23-МАРТТАН 29-МАРТКА ЧЕЙИН

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 23-МАРТТАН 29-МАРТКА ЧЕЙИН

№907 19-25-март, 2020-ж.



КОЙ (21.03-20.04)

Максаттарга керектүү адамдарды колдонуу аркылуу жетүүгө тырышыңыз. Бизнес баштоо үчүн анын сырларын үйрөнүүгө киришиңиз. Маселелерди жакындарыңыз болуп чогуу чечип, алардан жаңы идеяларды аласыз. Иште сиз биле элек жашыруун сырларды угуп, айрымдарга жиниңиз келет.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Эмне кылганда көп кирешеге ээ болуу мүмкүн экендиги айкындала баштайт. Айланада болуп жаткан окуялар кандай өнүгөрүн сезип, ошого жараша чечим кабыл аласыз. Достук байланыштар активдешет. Оор иштерди өзүңүз жасабай, бирөөлөрдү жардамга чакырыңыз. Сиз жардам берген адам сизге сый көрсөтөт.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Кырдаал сизге пайда алып келгидей түзүлөт. Андыктан чечкиндүү болуу кажет. Тааныштар менен түзө турган келишимдер сиз ойлогондон да маанилүү экендиги сезилет. Айрымдар коомдо активдүү позицияны ээлеп, өзүн көрсөтүп, каалагандай жыйынтыкка ээ болууга аракет кылышат.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Иште интригаларга аралашпаңыз. Бөөдө бирөөнүн жаманатты болуусуна себепкер болуп каласыз. Пландап, бирок ишке ашыра албай жүргөн максатыңыздын ишке ашышына үйдөгүлөр жардам берет. Тааныштар бир жактарга чогуу барып келүүнү сунуштаса макул болуңуз. Сапар көңүлдүү болот.


АРСТАН (23.07-23.08)

Эски стереотип, жаман адаттан арылууга чечкиндүү кирише турган убак. Аласа-бересени такташкан соң банктан насыя алууну пландооңуз мүмкүн. Үзүлүп калган мамилени улоо үчүн эски тааныштар менен кабарлашасыз. Жакын адамыңыз менен жолугушууда бири-бириңиздерге койгон дооматтарды талкуулайсыздар.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Талаш маселелерде компромисске баруу сунушталат. Өз кызыкчылыгыңыз үчүн адамдарды ийкемдүүлүк менен эпке көндүрүңүз. Бир кезде сиздин жүрөгүңүздү багындыргысы келген адам менен мамилеңиз жандануусу мүмкүн. Үйүңүзгө келген адамдар сиз күтпөгөн жаңылыкты айтып, бушайман кылышат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Иште жана үйдө баарын иретке келтиресиз. Керексиздерден арылып, энергетикаңызды жакшыртасыз. Романтикалык мамиленин өнүгүшү сизден көз каранды. Буга

чейин ишенимсиздей туюлган адамдын көп жакшы жактарын байкайсыз. Акча жетиштүү болот. Ден соолукту чыңдоо үчүн таза абада көп болуңуз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Жалкоолукту жыйыштырып, ар кандай кырдаалга даяр туруңуз. Иште кошумча иштөөгө туура келет, ошого жараша акча да көп болот. Сырттан келген адам менен таанышып, андан көп жаңы нерселерди билүүңүз мүмкүн. Сынак, спорттук жарыштарга катышкандарга ийгилик жылмаят.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жашоо жакшы мүмкүнчүлүктөрдү сунат. Андыктан жашоо шартты оңдоо үчүн болгон аракетти жумшаңыз. Эмгегиңиз бааланат. Муну карьерадан өсүүгө бонус деп эсептесеңиз болот. Бирөөлөр бир окуядан улам сизден моралдык чыгым өндүргүсү келиши мүмкүн. Юристке кайрылуу сунушталат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Досуңуз же интернет аркылуу таанышкан адамыңыз сизге керектүү маалыматтарды жиберет. Бул пландардын качан ишке ашарын божомолдоого мүмкүндүк берет. Иште сизге түз тиешеси жок маселеге аралашпаңыз. Сүйүктүүңүз кызганып чыр чыгарбашы үчүн туура эмес жорук жасабаңыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Тынчы жок, бирок чыгармачылыкка жол ача турган апта. Кырдаал өзгөргөндөн улам кооптуу кадамдарга барууга бел байлайсыз. Тааныштарга көп ишеним артпаңыз, куру убада бергендер көп болот. Кымбат эмес, бирок сапаттуу буюмга туш келип, сатып аласыз. Шашылыш кабар менен жолго чыгасыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Иште нервиңизге тийген жетекчиден, атаандаштардан алыс болуп, тынчыраак иштөөгө умтуласыз. Кайтарып алууңузга үмүтүңүз үзүлгөн карызыңызды алып келип беришет. Эмерек же тиричилик техникасын насыяга сатып алышыңыз ыктымал. Айрымдарга коомдук уюмга же саясий партияга кирүү сунушу



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 15 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Крим-инфо
Турмуш
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2020 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Жибек Жолу проспектиси 381,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо