ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 18-МАЙДАН 24-МАЙГА ЧЕЙИН

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 18-МАЙДАН 24-МАЙГА ЧЕЙИН

№910 14-20-май 2020-жыл


КОЙ (21.03-20.04)

Бардык иштен пайда табам деген оюңуз – иллюзия. Анын үстүнө ашыкча чымыркануудан ден соолукка зыян келет. Табият коюнунда эс алуу, жакшы адамдар менен баарлашуу сизди тынчтандырып, тең салмакка келтирерин унутпаңыз. Улгайган адамдар ден соолугуна этият мамиле кылышы керек.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жумуш потенциалыңыз, ички туюмуңуз жогорку деңгээлде болот. Бирок сизге көзү түз эмес адамдардын бут тосуусу же жаман кабар максаттарга жетүүгө жолтоо болот. Иште сергек болуп, акылга жана тажрыйбага таяныңыз. Позицияңызды бекемдеп, демилгелерди көтөрүңүз. Ошондо көп киреше табасыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Окуяларга бай апта. Сиз аралаша турган маанилүү окуянын болушу күтүлөт. Жашооңуздагы өзгөрүүлөрдүн жакшы да, жаман да жактары болот. Ырым-жырымдарга маани бериңиз. Тагдыр бир нерсени эскертип жатышы мүмкүн. Сүйүктүүңүздүн айтканынан кайтпаган жоругу кер-мур айтышууга жеткирет.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Сизди түйшөлткөн күндөр артта калды. Жаңы маалыматтарды жана сизге жол көрсөткөн адамдын кеңешин колдонуу менен жашоо абалыңызды оңдой баштаңыз. Ортого түшүп бирөөнүн ишин бүтүрүп бербеңиз. Сизди оңтойсуз абалга калтырып, уят кылат. Табышмактуу көрүнүшкө туш келүүңүз ыктымал.


АРСТАН (23.07-23.08)

Апта башында эмоциянын ашып-ташышы, жинденүү, өз ара түшүнүшпөстүк башкы багытыңыздан адаштырат. Бирөөлөрдөн колдоо аласыз. Апта ортосунда пайдалуу сунуш же буюртма түшөт. Белди бекем бууп, ишке киришиңиз. Апта аягы сүйүүдөн жолдуу кылат. Ошондой эле романтикага бай.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Чарба жана тиричилик иштери тезинен бүтүрүүнү талап кылат. Жагымсыз жолугушууга туш келүүңүз ыктымал. Күтүлбөгөн жана өзүн актабаган чыгаша бюджетиңизге оордук келтирет. Апта аягында энергиянын аздыгы бат чарчоого алып келет. Режимди жөнгө салып, план менен иштеңиз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Эски байланыштарды жаңыртууга шашпаңыз. Алар жеке жашооңузга зыянын тийгизүүсү мүмкүн. Чөйрөдөгү бирөөнүн жаңы, жакшы жактарын билесиз. Жаңы таанышуулар сизге пайдалуу болушу үчүн адам менен мамиле түзүүнү жакшыртуу керек. Организмге зыян алып келүүчү тамак-аштардан баш тартыңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Соодада алданып калууга же азырынча кереги жок нерсени сатып алууга жол бербеңиз. Ийкемдүү болуу алдыда күтүлгөн кирешеге таасирин тийгизет. Айрымдар кызмат ордунан төмөндөйт. Бирөө сиздин колтугуңузга кирип, ушак айтып, досуңуз менен чатакташтырып коюшу ыктымал.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Бул аптада сиздин утушуңуз көп иштерди бүтүрүп алууңузда болот. Бакча, талаа иштеринде жардамчылар табылат. Сизге жакпаган адамдардын кылык-жоруктарына чыдоонун кереги жок. Баарын ачык, катуу айтып сестентип коюу керек. Жаачыларга мамиле курууга сунуштар түшөт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Коммерциялык иш-аракеттер киреше алып келиши күмөн. Жөнү жок талашып-тартышуу кыжырды келтиргенден башка пайда алып келбешин эскертет жылдыздар. Өтө кылдаттыкты талап кылган иштерди жума күнү бүтүрүү сунушталат. Айнек, металл менен иштөөдө этият болуңуз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Коомчулукта атмосфера жана маанай өзгөрөт. Бул сизге да таасир этип, активдүү боло баштайсыз. Карыздардан кутулууну колго аласыз, жайы менен бүтүрүп калыш керек болгон иштердин баарынын эсеп-чотун тактайсыз. Ар бир ишти өз учурунда арыдан-бери бүтүрө салуу сизге упай алып келет.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Өзүңүздү төмөн баалаганды токтотуңуз. Сизди иште, үйдө да сыйлашарын эсиңизге алыңыз. Өзүңүзгө ашыкча талап коюп, кейий бергениңиз туура эмес. Бир кезде чогуу иштешкендер менен жагымдуу күндөрдү эскересиздер. Жашооңузга кызыккан чала тааныштардан алыс



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 15 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Крим-инфо
Турмуш
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2020 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Жибек Жолу проспектиси 381,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
USD 74,23  RUB 1,08
Кирүү
Каттоо