КАДЫР ТҮНДҮН КАДЫРЫ

КАДЫР ТҮНДҮН КАДЫРЫ

№910 14-20-май 2020-жыл

2020-жылдагы Кадыр түн 19-майдан 20-майга караган түнү белгиленет. Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түн. Мындай маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Орозо айы бүтөрүнө 10 күн калганда Кадыр түн белгиленет. Кадыр түндүн анык датасы тууралуу аалымдар арасында талаш бар. Бирок алардын баары Рамазан айынын акыркы он күнүндө экенин бир ооздон айтышат.

Кадыр кечесинин жашырылып сыр болуусунун себеби:

1. Эгерде Кадыр кечеси бир күнгө белгиленип калганда, анда жалкоо табияттар бүгүн Кадыр кечеси деп, калган күндөрү түнкү ибадаттарды таштап салмак.

2. Эгерде Кадыр кечеси бир күнгө белгиленип калганда, кайсы бир пенде кокусунан ал кечени тосо албай калса, калган түндөрү өкүнүп калмак.

3. Канча кече үмүт кылып Кадыр түн тоссо, ар бирине өз алдынча сооп алат.

Бул түндүн Кадыр түн деп аталышы тууралуу көп ой-пикирлер айтылган. Касиеттүү бул түндө Ыйык Куран түшүрүлгөн делинет. Кудай бул түндү жыл бою боло турган бардык иш-аракеттерди адамга тагдыр кылат. Мисалы, кимге канча ырыскы берилери, оору-сыркоодон, апааттан аман болушу сыяктуу иштер тагдыр катары жазылат. Кадыр түндү тоскон адам Кудайдын алдында буга чейин жетпеген улуу даражага жетет.

Бул түн өкүм буйрук кылуучу түн, андыктан аны жакшы ниет, тилек, дуба менен өткөрүү абзел.

Намаз окуу, анын ичинен Таравих намазына катышуу, зикир чалуу, Куран окуу, Кудайдан кетирген күнөөлөр үчүн кечирим суроо, тобо кылуу, көп-көп тилектерди айтуу менен коштолушу керек.

"Ушул түнү Куранды периштелер асмандан түшүрдү, Кадыр кечесин тосуу миң айдан жакшыраак" делинет. Миң ай аалымдар эсептеп чыкканда болжол менен 82-83 жылды түзөт. Демек, адамдар бир түндө ушунчалык чоң сооп ишин аткара алат. Жалпы элибизге, мамлекетке, үй-бүлөбүзгө тынчтык сурап өткөрүү жакшы. Адам эмне сураса Кадыр кеченин урматына Кудай сөзсүз берет деп ишенүү керек.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(10)
18.05.2020. 09:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
394
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
06-06-2020 16:12
Жынысы:
Белгисиз
+16
Аллахым бүт дүйнө элин кырсык апааттан сактасын. Баласыздарга ыймандуу уул кыздарды берсин. Ооруп төшөктө жаткандарга Аллах шыпаа берсин. Элибизге токчулук ынтымак берсин. Ыйык орозо айында баардык тилеген максаттарыбызды орундалсын. Орозоңуздар кабыл болсун мусулман бир туугандар
18.05.2020. 14:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
567
Катталган:
17-10-2015
Соӊку аракети:
06-06-2020 12:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайымдын ар бир куну ыйык. Кадыр тунго байлап койгондой ушунча ырыскыны...
18.05.2020. 14:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
332
Катталган:
26-09-2017
Соӊку аракети:
06-06-2020 11:18
Жынысы:
Белгисиз
-8
Тенирим жалгасын Кудайма шүгүрчүлүк келтирели туугандар.....
19.05.2020. 09:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
03-11-2019
Соӊку аракети:
03-06-2020 13:25
Жынысы:
Белгисиз
-6
Тенирден жакшылыкты тилейм элиме.
19.05.2020. 13:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
27-04-2017
Соӊку аракети:
06-06-2020 16:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+4
Намаз окубай дуа кылып зикир тартса болобу ким билет
19.05.2020. 13:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
154
Катталган:
20-07-2018
Соӊку аракети:
04-06-2020 12:29
Жынысы:
Белгисиз
-6
Nurdinova,
Арабча дубаларды зикир тартпай, кыргыз тилинде гана тилектерди айталык достор. Кудайга үнүбүз кыргыз тилинде гана жетсин.
elebes86 түзөттү 2020-05-19 13:56:46
19.05.2020. 16:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
305
Катталган:
28-12-2013
Соӊку аракети:
03-06-2020 22:34
Жынысы:
Белгисиз
+5
elebes86,Кытай тилинде дуба кылсаң да түшүнөт Кудай. Самый главный чын жүрөктөн тообо кылып дуба кылыш керек кайсы тилде болсо да.... Бир паста эле патриотум боло каласың да... Тообо кылдым
AykaMer түзөттү 2020-05-19 16:19:41
19.05.2020. 17:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
16-12-2013
Соӊку аракети:
06-06-2020 14:59
Жынысы:
Белгисиз
+3
elebes86, зикир тартып намаз окуш керек!!! Куран да араб тилинде. Болуп жарбай динди толук тушунолу мусулман бир тууганым!!!
19.05.2020. 18:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
92
Катталган:
15-10-2011
Соӊку аракети:
06-06-2020 21:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
чуй
+1
Намаз окуй электер,намаз окуп калайлы деп тилейли.барыбызга тең ачык,эшиги бул түндүн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 15 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Крим-инфо
Турмуш
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2020 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Жибек Жолу проспектиси 381,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
USD 74,23  RUB 1,08