Балбан <b>Жеңишбек Дөңбаев</b> төрөлгөн

12-июль, 1945-жылы Балбан Жеңишбек Дөңбаев төрөлгөн

Кыргызстан
12-июль  1945-жылы Эркин күрөш боюнча СССРдин Спорт чебери (1967), КРнын (1985) жана СССРдин (1991) Эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңишбек Дөңбаев Талас облусундагы Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында туулган. 1969-жылы Бишкек политехника институтун бүтүргөн. Жеңишбек Дөңбаев 1969-1970-жылдары СССРдин студенттердин биринчилигинде алтын байгени уткан. 1969-жылы профсоюздардын бүткүл союздук Спартакиадасында биринчи орун алган. 1969-1972-жылдары СССРдин тандалма командасынын мүчөсү, 1970-жылы Республикалык спорт чеберлеринин жогорку мектебинин күрөш боюнча машыктыруучусу, КРнын курама командасынын мүчөсү (1969-1971) болгон. Ал эми 1983-1999-жылдары Республиканын курама командасын жетектеп, Олимпиадалык даярдоо борборунда балбандарга таалим-тарбия берген. 1999-2009-жылдары бокс жана күрөш боюнча РОРБСМ жетекчиси, 2009-2011-жылдары КРнын күрөштү өнүктүрүү борборунун жетекчиси болгон. Жеңишбек Дөңбаев 1993-жылы КРнын Ардак грамотасы менен сыйланып, 2001-жылы "КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери" наамына арзыган.
Жеңишбек Дөңбаев ондогон чебер балбандарды тарбиялап чыгарган. Алардын катарында К.Амуралиев, Н.Изабеков, М.Бобурбеков, Н.Дөңбаев, А.Аскаров, А. Терогелдиев, Р.Маджинов, Б.Омуракунов, Ч.Изабеков, И.Тазабеков ж.б. бар.
 (73 жыл мурун)
 


Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Маалымат-маанайшат порталы 2006-2018 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Күрөӊкеев көчөсү - 180,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
USD 69,84  RUB 1,05
Кирүү
Каттоо