V жана VI чакырылыштардагы \"Ата Мекен\" фракциясынан ЖКнын депутаты <b>Наталья Никитенко</b> туулган

26-март, 1979-жылы V жана VI чакырылыштардагы "Ата Мекен" фракциясынан ЖКнын депутаты Наталья Никитенко туулган

Кыргызстан
26-март  1979-жылы V жана VI чакырылыштардагы "Ата Мекен" фракциясынан ЖКнын депутаты Наталья Никитенко Фрунзе (Бишкек) шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. Бишкек Финансы-экономикалык академиясын 2001-жылы "менеджмент" адистиги боюнча бүтүргөн, адистешүүсү – финансылык менеджмент. Ошол эле жылы Эл аралык бизнес жана башкаруу университетин (Москва ш.) "менеджмент" адистиги боюнча бүтүргөн, адистешүүсү – банк менеджменти. 2008-жылы Бишкек Финансы-экономикалык академиясынын менеджмент магистри даражасын алган.
Наталья Никитенко 2000-2001-жылы Бишкек финансы-экономикалык академиясында котормочу болуп иштеген. Ал эми 2001-2003-жылдары "JuniorAchievementKyrgyzstan" фондунун менеджери, тышкы байланыштар бөлүмүнүн менеджери, 2003-2006-жылдары Бишкек Финансы-экономикалык академиясынын эл аралык бөлүмүнүн жана карьера борборунун начальниги, 2006-2010-жылдары “EdNet” билим берүү мекемелер ассоциациясынын, ОЮЛдун аткаруучу директору болуп эмгектенген.
2006-2010-жылдары болсо "TeachEx” жогорку билим берүү академиясы" коомдук фондунун директору болгон.
2010-2015-жылдары Жогорку Кенештин депутаты ( “Ата Мекен” парламенттик фракциясы), парламенттин Мамлекеттик түзүлүш, адам укуктары, конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин төрайымы болгон.
2015-жылдын 4-октябрында  “Ата Мекен” партиясынын тизмеси аркылуу VI  чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
 (39 жыл мурун)
 


Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Маалымат-маанайшат порталы 2006-2018 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Күрөӊкеев көчөсү - 180,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
USD 69,83  RUB 1,05
Кирүү
Каттоо