Актёр, Кыргыз ССР эл артисти <b>Советбек Жумадылов</b> каза болгон

24-март, 2001-жылы Актёр, Кыргыз ССР эл артисти Советбек Жумадылов каза болгон

Кыргызстан
24-март  2001-жылы Актёр, Кыргыз ССР эл артисти Советбек Жумадылов 68 жаш курагында каза болгон.
Советбек Жумадылов 1932-жылы Түп районунун Арал айылында туулган. Пржевальскидеги (азыркы Каракол) педагогикалык окуу жайын, А.Островский атындагы Ташкен мамлекеттик театрдалдык институтун бүтүргөн. 1953-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын артисти болуп иштеп келген. Ал каармандардын ички сырын, социалдык маңызын ачып, жекече мүнөз таба билген актёр. Ал өмүрүндө өтө көп ролдорду аткарган. Кинофильмдерге да эң сонун образдардан түзгөн. Ал 1991-жылга чейин театрда 70ке, кинофильмдерде 50гө жакын ролдорду аткарган. М.Рыскулов атындагы Республикалык сыйлыктын ээси, ошондой эле медалдар, Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланган.
 (17 жыл мурун)
 


Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Маалымат-маанайшат порталы 2006-2018 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Күрөӊкеев көчөсү - 180,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
USD 69,84  RUB 1,05
Кирүү
Каттоо