КҮНСЕРЕП: Жанар Акаевге "эжеси" жардамга келди

Бүгүн, 23-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

КСДПнын "Жанар Акаевди депутаттык мандаттан ажыратуу" операциясы жакындап калды, сыягы. Эми бул сюжеттин кантип бүтөрү белгисиз болгону менен кызык болууда. Кечээ КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөлөрүнүн жыйыны өтмөк. Анда Жанар Акаевди мандаттан ажыратуу маселеси каралары айтылып жаткан. Бирок "кворум болбой калды" делинип жыйын өткөн жок. Акаев өзү мандатты тапшырар-тапшырбастыгы боюнча "шайлоочуларым менен акылдашып бир чечимге келем" деп депутаттыктан кетпестигин билдирди. Эске салсак, 2015-жылы парламенттик шайлоодо КСДП жеңип, 37 мандатка ээ болгон. Партиянын тизмесиндеги 7-орунга Жанар Акаев жайгаштырылып, Иса Өмүркулов, Аалы Карашев, Икрам Илмиянов өңдүү партбосстордон жогору турган. Бул шайлоо алдында партиялардын тизмесинин алдынкы ондуктагы орундар 50 миң доллардан бир миллион долларга чейин бааланарын ошол кездеги депутат Данияр Тербишалиев айткан. Ошол эле учурда партиялар эл ишеним арткан, коомчулукта төбөсү көрүнүп, жакшы жактары менен таанылган адамдарга тизмеден алдынкы орун берүүнү партиянын шайлоодон өтүп кетиши үчүн жакшы ыкма катары колдонушат делет. КСДПнын шайлоодо көп добуш топтошуна Жанар Акаевдин ролу чоң болгону талашсыз. Бирок ал КСДПнын генералдык линиясынан тайып, партиянын негиздөөчүсү, өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен айтышууга чейин барган. Өткөн аптада 18-мартта сөз эркиндигине арналган жөө жүрүшкө Акаевдин катышкандыгы КСДПнын сабырдуулугунун акыркы шамын өчүрүшү ыктымал. Конституцияга таянсак, партия Жогорку Кеңештин депутатын мандаттан ажырата албайт. Депутат фракциядан чыккандыгы жөнүндө арыз жазганда гана мандатынан ажырайт. Демек, Жанар Акаевдин парламенттеги тагдыры өзүнүн жана анын шайлоочуларынын колунда. Бул арада Акаевдин мурдагы кесиптеши Аида Касымалиевага депутаттык мандат берилгени белгилүү болду. Ал Жанар Акаев сыяктуу эле жолду "Азаттыкта" басып өткөн. Касымалиева КСДП фракциясынан депутат болду. Ал үчүн мырзалар Икрам Илмиянов менен Абдыманап Кутушев орун бошотуп беришти...

"Ата Мекен" партиясынын саясий кеӊеши партия лидери Өмүрбек Текебаевди тезинен бошотууну талап кылууда. Партиянын билдирүүсүндө Текебаевдин кармалып, камакка алынышы мыйзамсыз жана Конституциянын нормаларын бузуу деп айтылат. Мамлекеттик органдарды пайдалануу менен ага саясий куугунтук жасалууда деген пикирде партия. Текебаевдин үстүнөн арызданган Леонид Маевскийдин "Текебаев 2010-жылы июлдун башында Москвага келип мага жолуккан" деген сөзү жалган экени айтылып, Текебаев июлдун башында Москвага барбаганын тастыктайт делген документтер жарыяланды. "Ата Мекендин" бул билдирүүсүнө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жообу көпкө күттүргөн жок. Мекеме Текебаевге козголгон кылмыш ишине карата жетиштүү далилдер бар экенин маалымдады. Тергөө иштери Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык жүргүзүлүп жатканы, анын жыйынтыгы менен сот келтирилген далилдерге баа берип, айыпталуучунун күнөөсүнүн деӊгээлин аныктай турганы айтылды. Ыкчам түрдө жооп бериши менен айырмаланбаган УКМКнын мындай оперативдүү жооп берүүсү "Ата Мекен" менен маалыматтык согушта артка кадам таштабастыгынын белгиси. Бирок ошол эле учурда "Ата Мекен" өзүнүн билдирүүсүндө расмий документтерге таянып жатканын айтып, Текебаевдин кылмышы жок экенин далилдөөгө аракет кылып жатса, УКМК "айрым жагдайлар тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачык айтылбайт" деп бир да далилди ачыкка чыгара элек...

Бишкекте болгон Боинг кырсыгынын дагы бир өкүнүчтүү жагы башталды. Курулуш башкармалыгынын дачаларындагы учак кырсыгынан кийин жүрөк оорусунан каза болгон Арзымамат Ташматов аттуу жарандын туугандары компенсация талашышууда. Алгач анын жубайы Бүзуура Тагаева маалымат жыйынын уюштуруп, "күйөөмдүн туугандары айылдагы үйүбүздү өздөрүнө каттатып, жардамдын баарын алып жатышат" деп нааразычылыгын билдирген. Тагаева никелешүү жөнүндө күбөлүктү далил катары көрсөтүп, Ташматов экөөнүн ортосунда 2 кызы, 1 уулу бар экенин билдирди. Ал эми Ташматовдун карындашы Гүлнара Ташматова Тагаеванын маалыматы жалган деп айтып чыкты. Анын айтымында, Тагаева менен Ташматов 10 жылдан бери чогуу жашашпайт. "Тагаева кырсыктан пайдаланып үй алып калуу аракетин көрүп жатат", - дейт каза болгондун карындашы. Бул маселе мыйзам чегинде чечиле турган болсо, анда компенсация Ташматовдун үй-бүлөсүнө берилет. Сокулук районунун акими Болот Сатыкеевдин айтымында, бул үй-бүлө 250 миң сом компенсация катары алмакчы. Буга чейин 2010-жылдагы Апрель окуясында каза тапкан адамдардын туугандары менен үй-бүлөлөрүнүн ортосунда батир талашуулар да орун алган. Компенсация талашмай ажырашууларды жана никелерди каттоолор өз убагында кылынбаганынан келип чыгууда...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан