Балыкчы-Корумду жолунда иштеген жумушчулардын айлык маянасы төлөнүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда SUPER.KG порталына Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Балыкчы-Корумду жолунда иштеген жумушчулардын эмгек акылары толугу менен төлөнүп берилди. Ал үчүн Транспорт жана жолдор министрлиги тапшырыкты аткарып жаткан компанияга 103 миллион сом которуп берген. Айлык акыдан сырткары курулуш иштерин аткарган ал компаниянын башка төлөмдөрү да каралган", - дешти министрликтен.
Эске салсак, окурман буга чейин жол курулуш тармагында иштеген жумушчулар 4 айдан бери айлык акы ала албай жатышканын айткан.