Бишкек алдыга жолду тандайт!

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Бишкек шаарында жолугушууларды өткөрдү. Алардын бири Спорт сарайында болду. Иш-чарага борбор калаанын 3 миңден ашуун тургуну “Алдыга жол!” программасын угуп, саясатчыны колдоого келишти.

Өмүрбек Бабанов өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын жаштарына кайрылды. “Ар бириңер университетти аяктаган соң кайсы жерде иштей турганыңарды ойлонуп жатсаңар керек. Келечектеги инженерлер жана дарыгерлерибиз официант же бөтөн жерде көчө шыпыргыч болуп иштешүүдө. Бардык өлкөлөрдө тагдыр чечүүчү мезгилде жаш муун биригип, өз тандоосун жасайт. Ошондуктан азыр декандардан жана мугалимдерден коркпой, чечим кылууга убакыт келди. Өлкөнүн келечеги коркунучтардан жогору болуш керек! Саясий оюндар кандай ыплас экенин билем. Ар бири мени коркутуп, жаманатты кылгысы келип жатат. Бирок алдыбызда турган бардык кыйынчылыктарга карабай, биз чогуу жеңишке бара жатабыз! Баарыбыздын максатыбыз бир, каалообуз бир!” - деди президенттикке талапкер.

Ал ар бир студент 5 жыл окуудан кийин татыктуу жумуш менен камсыздала турганына, ата-энесинин пенсиясы татыктуу боло турганына ишениши керектигин баса белгиледи.

“Добуш берүүгө мажбурлоого каршы чыккыла, анткени бул бир гана силердин добушуңар эмес, бул өлкөнүн келечеги! Коркпогула! Эгер силерде улуу максат болсо, өзгөрүүлөр да болот. Өзгөрүүлөр 10 же 20 жылдан кийин эмес, бүгүн болуш керек. Мен сөз берем, Кыргызстанда 26 жыл болбогон өзгөрүүлөр 6 жыл ичинде болот! Премьер-министр болуп иштеп, мен көйгөйлөрдүн очогун көргөм жана эмнени өзгөртүү керек экенин билем. Маанилүү көйгөйлөрдүн бири – бул коррупция! Бул биздин коомубуздун оорусу, мен бул оорудан өлкөнү айыктырам! Ар бир эл өз башчысына татыктуу, Кыргызстан өзүнүн татыктуу башчысын тандайт деп ишенем”, - деди Өмүрбек Бабанов.

Президенттикке талапкерди колдоп, медицина илимдеринин доктору Акылбек Усупбаев сөз сүйлөдү.

“Медиктер, мугалимдер, илим адамдары, чиновниктер акыркы мезгилде Өмүрбек Бабановду каралоо менен алектенип жатышты, бирок ал таң каларлык чыдамдуулугун көрсөттү. Дарыгер катары айтайын: ушундай стресске жеткире турган учурларда ал өзүн оор басырыктуу жана салмактуу адам катары көрсөттү. Ага “сен” деп сүйлөп, сотко берүү менен коркутуп жатышканда да, ал оппонентин чайга чакырып жатат. Өмүрбек Бабанов жаш, бирок жаш курагына карабай ал эл үчүн реформаларды жасагысы келип жатат. Жаштар Өмүрбек Бабановду колдойт!” – деди Акылбек Усупбаев.

Аткаруучу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Бабанов Ө.Т. Шайлоо фондунан төлөндү, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тогузбаева Ч.Э.
Нускасы: 1, чыгарылган датасы: 09.10.17

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан