Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз Эл акыны: "Анатай башка элдин намысын талашып, өз элин басып берди"

Жакында акын Анатай Өмүрканов президент Алмазбек Атамбаевдин Таластагы элге карата айткан сынына жооп кылып президентке ыр жазган. Ырда өлкө жетекчиси катуу сындалып, орунсуз жана акарат келтирген сөздөргө да орун берилген. Өмүрканов аша чаап кеткенин Кыргыздын дагы бир белгилүү акыны Шайлообек Дүйшеев айтып чыкты.

"Эл акыны минтип жазбайт. Бийликтеги кишилерди сындаган Калыгул дагы, Арстанбек дагы, Жеңижок дагы, Токтогул дагы, Барпы дагы минтип ырдаган эмес. Алар деген падышаны эмес, падыша жасаган ишти ырдаган", - дейт Дүйшеев.

Дүйшеев кесиптешин Кыргыздын эмес, башка элдин намысын талашып жаӊылды деп эсептейт.

"Кыргыздын башын кессе дагы башканын ханына жүгүргөн эмес. Буга Курманжан Датка энебиздин мисалы бар. Казактын ханы Көкчөнү чөгөлөткөн Манастын мисалы бар. Мен кантип чөгөлөйүн! Чөгөлөгүсү келгендер сасык саясатчылар үчүн чөгөлөй берсин. Бирок кыргыздын жигиттерин эч ким чөгөлөтө албайт. Бийликтен кетип, деги эле жыгылып бараткан кишини кыргыз баласы эч качан түрткөн эмес. Тебелеген эмес. Жаман сөз айткан эмес. Бул кыргыздын кыргыз экенинин касиети. Ушул касиетти Анатай сактаган эмес. Ушул касиетти Анатай билбейт экен. Башка элдин намысын талашып, өз элин басып берди", - деди Кыргыз эл акыны.

Дүйшеев Таластын элинен эмес, эл арасынан чыккан бузукулардан сактануу керектигин кошумчалап, буларды билдирди.

"Мен таластык бир топ туугандар менен да сүйлөштүм. Менин Таласта мыкты тааныштарым бар. Таластын 2 кемпирин бакпай таластык жигиттер карылар үйүнө өткөрүп койгондо башкалар эмес, мен ырдап чыккам. Муну кыргыз эли бүт билет. Талас деген мыкты эл. Касиеттүү эл, касиеттүү жер. Бирок ар бир элден сасыткылар чыгат. Ошолордон сак бололу", - деди Шайлообек Дүйшеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
ekaterinburg
2017-11-08 10:13:53
Ырды окуп коруш керек экен.
+3
engel
2017-11-08 10:27:12
Озунун элине куйгондон жазган чыгар. Убагында Токтогул деле бийликти сындап Сибирьге айдалган да! Чындык эч кимге жакпайт и тем более бийликке жана бийликтин кошоматчыларына!
+11
Shokoladka94
2017-11-08 10:27:25
Атамбаев туура соз суйлоду беле? Силерчи биринчи ошого жооп бергилечи
+16
gulmi
2017-11-08 10:30:49
Райым миллиард жонундо бир да соз жок го?анатай агабыз али элде чындыкты суйлогон,наам берип койсо мактап-жактап кошомат кылбаган аталарыбыз бар экенин далилдеди.
+14
rysik79
2017-11-08 10:36:02
Президентке асылган туура эмес, кылган ишин сында, байкуш Ажо жакшы эле иштеп жатат ушунча чоого туруштук берип, мен Ажону колдойм, керек болсо коргойм Ажобузду биздин Ажо, сасыткы болуп келген боло да берет..
-14
gulmi
2017-11-08 10:38:28
rysik79,кылган ишин сындабай эмнесин сындап жатат эл?козунбу,боюнбу?
+13
beknur95
2017-11-08 10:55:32
Анатай агабыз эн туура жазган чычалагандын кереги жок
+13
altyn7776
2017-11-08 11:29:15
Анатай агабыз эн туура жазган, окусан денен дуркуройт. Шаке, кыргыз эч качан жыгылып бараткан адамды турткон эмес дегенинизге кошулам, бирок айтылган соз, атылган ок, абайлап суйлош керек болчу таластыктар дебей.
+9
12.12.12
2017-11-08 11:30:56
Урматтуу кабарчы ырдын тестин кайдан окусак болот? Кыскача мисал же узунду кошо кетесизби? Рахмат.
+12
Alixan-Nookat.2015
2017-11-08 12:30:03
Туура эле ырдаган, коруп атабыз кайсы жерде болбосун туура эмес суйлоп алып эл жабыр тартып жатат мисалы казак ажосун сындап эл жабыр тартып жатат.
+3
Bema74
2017-11-08 12:39:50
Эртен АшА кеткен сон ыр жазыш эмес тамашоудан коробуз.АшАнын кылыктары улгу болбой кулку болду
+6
Isco23
2017-11-08 12:50:38
Молодец анатай агай!Дуйшеев да суйлой берет бийликтен бирдекени умут кылып,эртен ушк АШАдан сыйлык албаса эле
+5
aydinnur
2017-11-08 13:55:38
Дене дүркүрөбөй эле,намыстанасың.. Килейген эл акыны ушуну кантип жазды деп... Шайлообек Дүйшеев туура айткан,көбүңөр бу чалдын (сыйым кетти бул акын сөрөйгө ((()жазганын окубастан, окусаңар да маани бербей эле урдуруп атасыңар ээ)))
+4
gulmi
2017-11-08 14:57:23
aydinnur,эл акыны ошон учун-эл акыны.Элдин мунуе,заарын ырга салып айта турчу адам.Ойлонбой суйлоп койгондо бутундой эл кыйналып жатат.Мейли бажыдагы коррупция,мейли монгу,бирок оз нанын озу таап жашап жаткан элге ажонун созу ото эле кыйынчылыкты алып келгенин кантип корбой жатат козунуз?
+2
A.Alymbek
2017-11-08 14:20:08
Шайлообек агаай сизди абдан сыйлачы элем, азыр жазганынызды окуп алып, сизди азыркынын Арзыматына окшоштуруп жатам.... Абдан окунучтуу сизге окшогон аксакалдар калыстыктан тая баштаса.
+2
erma_18
2017-11-08 16:03:58
«А король жылаңач турбайбы…»
Ганс Христиан Андерсен
Ордунан туруп басалбай,
Ооруган башын жазалбай.
Орденин берип жөн турбай,
Ой-тоонун башын дөөдүрөйт.
Атынан айткым келбеди,
Памилясы Атамбай…
Титирей сүйлөп тиртеңдеп,
Тийишпегин казакка.
Тийише берсең тилиңден,
Кабыласың азапка.
Ансыз да күнүң аз калды,
Аз күнүңдү таза акта.
Дегенге болбой делбеңдеп,
Кеп жебестен келжеңдеп,
Калдың минтип мазакка…
-1
Isco23
2017-11-08 19:12:58
erma_18,общий жазып койгулачы
0
kenjebek_a
2017-11-08 16:05:49
Шайлообек агай сизди отто сыйлайм.Жерге жарака кетсе акындын журогунон отот.Сизди тушунбодук.Казака отуп кет деп жумурай журтту элди жектеп жатпайбы.Жети атасын билбегенди кыргызда кул деп койгонун жакшы билесиз.Манас атабыз жердеген элди кокологон кандай НЕМЕ.Анатай агай Азамат экен.Ханды кудай урарда... дегендей иш болду.Сизден мындайды кутподук эле,элди ойлонуп элден чыкпаныз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан