Мобилдик капчык боюнча уюлдук байланыш операторлору өздөрүнүн позициясын коргоо үчүн кол топтоп, SMS-добуш берүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгы - жеке кызыкчылыктары үчүн курулай сүрөөн жана басым. Бир канча аптадан бери "Электрондук капчыктар тууралуу" жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору коомдун талкуусунда болуп жатат. Анын тегерегинде кызуу дискуссия жүрүүдө. Анын шарттарына ылайык, төлөмдөр телефондун балансынан эмес, бир гана электрондук капчык аркылуу жүргүзүлөт. Бирок уюлдук байланыш операторлору телефондун балансынан төлөөнү көшөрүп талап кылууда.
Талаптын маңызы - электрондук төлөмдүн рыногу, тактап айтканда, мобилдик капчыктарды толтуруу жолдорунун бири. Уюлдук байланыш операторлору мобилдик баланстан төлөмдөрдү жүргүзүү "ыңгайлуу" деп "орто жерден кирип келди". Ошол эле учурда банктар да ыңгайлуулукту, аны менен катар эле капчыктагы акчага кепилдикти сунуштап жатат.
Мамлекеттин позициясы менен
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкөдөгү финансы секторун жөнгө салуучу кызмат катары мамлекеттин жана калктын кызыкчылыгын коргоп, төлөм системин жүргүзүүдөгү эффективдүүлүктү, коопсуздукту жана ишенимдүүлүктү камсыздоо боюнча өз милдетин аткарууда. Каржылык кызмат рыногунда жаңы атаандаштардын жана алардын кызматтарынын пайда болушу менен "Кыргыз Республикасындагы электрондук акчалар жөнүндө" жоболору долбооруна өзгөртүүлөр киргизилген. Бул көлөмдүү документте электрондук капчыктарды телефондун балансынан толтуруу ыкмаларынын бири жөнүндө чакан пункт бар. Ал пункттун мобилдик капчыктарга тыюу салууга эч байланышы жок, ал азыркыдай эле иштей берет.
Айта кетүүчү бир жагдай - бул капчыктарды банк же карталар аркылуу төлөм терминалдарынан толтурууга болот. Төлөмдөрдү телефондун балансынан жүргүзүү схемасы кооптуу экендиги дүйнөдө далилденди. Анда бир нече кемчиликтер бар: бул шылуундук операцияларды жүргүзүүнүн, акчанын изин жашыруунун ыңгайлуу очогу. Башкы көйгөй - керектөөчүлөрдүн акча каражаттарынын сакталышына кепилдиктин жоктугу. Улуттук банктын адистери бул багыттагы дүйнөдөгү байкалган кемчиликти эске алып, өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыктары тууралуу чечимди кабыл алды.
Маселенин башаты
Уюлдук байланыш операторлору жакынкы күндөрдөн тартып өздөрүнүн салтка айланып калган кызматынан кирешелерди жогото башташты. Мындан улам алар киреше табуунун жаңы "текчелерин" издей баштагандыгы түшүнүктүү. Өлкөнүн Финансылык төлөмдөрүнүн жүргүзүлүшүн жөнгө салуучу сектору - Улуттук банктын бекиткен эрежелерин уюлдук байланыш операторлору сактабай жатат. Алардын иштегиси келбей, "өздөрүнүн уставдары менен" башкалардын рыногуна кирүүнү чечишти.
Иштин баары мындай жагдайда байланыш операторлору Улуттук банктын көзөмөлүндө, ачык иштөөгө милдеттүү болушат. Бул учурда алардын төлөмдөр боюнча жүргүзгөн операциялары гана эмес, бардык ишмердүүлүгү көзөмөлдө болот. Ушундай шарт менен эле банк секторунун башка бардык тармактары иш алып барып келет. Дал ушул көзөмөл телеком-компанияларга жакпайт өңдөнөт...
Алар "Кардардын ыңгайлуулугу үчүн", "Өсүү жана өнүгүү үчүн", "Таза атаандаштык үчүн", "Таза коом үчүн" деген ураандарын маалымат катары таратып, өздөрүнүн коммерциялык максаттарын жашыруунун эбин таап алышкан. Албетте, Улуттук банк да өнүгүүнү максат кылат, күчтүү атаандаштыкты колдойт. Бирок мамлекеттин жарандарынын каржылык коопсуздугун коргоонун бардык мыйзамдарын сактоону башкы орунга коёт.
SMS-добуш жана кол топтоону мамлекеттик органдарга басым кылууда курал катары колдонуу - "пешканын жүрүшүндөй"
Мындан тышкары уюлдук байланыш операторлору өздөрүнүн позициясын сактап калуу үчүн SMS-добуш жана кол топтой башташты. Сурамжылоо жүргүзүүнүн мындай формасы жана анын жыйынтыгы эч кандай укуктук негизге ээ эмес жана өлкө өкүлдөрүнүн чечим кабыл алуусуна таасир эте албайт.
1. "Кыргыз Республикасындагы электрондук акчалар жөнүндөгү" жоболорго өзгөртүү киргизүү долбоорунун коомдук талкуусунда сурамжылоо ыкмасы каралган эмес.
2. Сурамжылоо жана суроо-жооп ыкмасын тандоо - маселенин объективдүү чечилишине негиз боло албайт. Бул жөн гана керектөөчүлөрдүн башын айландырууга алып барат.
3. Добуш берүүнүн дизайндык жасалгасы операторлордун пайдасына иштей тургандай түзүлгөнү айдан ачык көрүнүп турат: жашыл түстөгү баскычта "жарайт" деген маанини берген желекче турат жана анын жанына операторлорго пайдалуу болгон түшүндүрмө жазылган. "Тыюу" белгиси кызыл түстөгү баскычка коюлуп, анын жанына операторлорго пайда алып келбегендей жооп жазылган. Мындай абал добуш берүүчүлөрдү дароо эле операторлордун пайдасына жетелейт. Мындай абалда кайсы объективдүүлүк жана калыстык тууралуу сөз кылууга болот?
4. SMS-добуш берүүнү 3 уюлдук байланыштын операторлору тең таратып жатат. Жарандардын көбү 2ден сим-карта пайдаланат. Ар бир сим-картадан бардык уюлдук операторго жооп келсе, бир эле керектөөчүнүн добушу бир канча эсеге көбөйтүлүп жатат.
5. Жалпылап айтканда, операторлордун бул аракеттери объективдүүлүккө жана көз карандысыздыкка алып бара албайт.
Эгер байланыш операторлору чыны менен эле калктын кызыкчылыгын ойлогон болсо, бардык процесс башкача жүргүзүлмөк. Көз карандысыз эксперттердин күчү менен сурамжылоо жүргүзгөн топ түзүлүп, көз карандысыз комиссия, добуштарды эсептөө жолдору уюштурулмак. Тилекке каршы, аларга басым жасоо үчүн гана курал керек болду.
Маселенин концепциялык тарабы да добуш берүүнүн демилгечилерине пайда келтире албайт
Кыргыз коомчулугу саясий процесстердин баарына таасир эте алгандыгына карабай, өлкөнүн банктык жана каржылык системиндеги бүтүндүүлүк жана коопсуздукка келгенде абдан кылдат болушубуз керек. Каржылык тобокелчиликтердин түрдүү кырларын түшүнө албаган, атайын финансы багытындагы билими жок адамда жалпы экономикага таасир этүүчү жагдайларга жоопкерчилик алууга билими жана тажрыйбасы жетишпейт. Мындай меселелерди Жогорку Кеңеште талкуулоо коммерциялык пайданы эмес, финансылык системди коргоону көздөгөн профессионалдуу, компетенттүү тиешелүү органдардын катышуусунда жүргүзүлүшү керек.
Кимдин операторлору мындай "куралдар" жөнгө салуучу сектордун ички регламентине жана чечим кабыл алуусуна таасир этет деп калп жыйынтыкты айтып жаткан болсо, эсиңизге алыңыз!
Түшүндүрөбүз. Тилекке каршы, сиздин убактыңызды жана көңүлүңүздү өзүңүздүн акча каражатыңызды коргоого каршы күрөшүүгө колдонушту. Ошондой эле улуттун кызыкчылыгына жана өлкөнүн инвестиция тартуусуна каршы колдонушту.
"Учурда Улуттук банктын "Кыргыз Республикасындагы электрондук акчалар жөнүндөгү" жоболорунун долбоору коомдук талкууда турат. Бул түрдүү тармактагы эксперттердин көз карашынан куралат. Коомдук талкуунун негизги максаты - эксперттердин көз карашын толук билүү жана пайдалуу чечим кабыл алуу үчүн бардык тарапты анализдеп карап чыгуу. "Макул" же "каршы" деген добуштарды топтоо менен туура чечим кабыл алууга такыр мүмкүн эмес. Ушул 2 процесс бири-бирине каршы келүүдө. Уюлдук байланыш операторлору муну жакшы түшүнүп турат, бирок алар эмне үчүн абоненттерге sms-билдирүүлөрдү жөнөтүп жаткандыгы түшүнүксүз. Бул аракеттер эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкөнүн бүтүндөй экономикасынын тамыры болгон банк системинин коопсуздугун коргоп жаткандыгын бардыгы так түшүнүшү керек", - дейт JIA бизнес-ассоциациясынын төрагасы Умбриэл Темиралиев.