Депутат Бокоев: “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине жөлөк пул берүү керек”

  Саясат  

Депутат Бокоев: “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине жөлөк пул берүү керек”

“Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине жөлөк пул берүү керек”, - деп бүгүн, 2-мартта “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирди.

Ал өкмөт мүчөлөрүнөн эмне үчүн мындай сунуштарды мурда киргизбегенин сурады.

“Өкмөт мүчөлөрү 2017-жылы кабыл алынган жөлөк пул жөнүндө мыйзам иштесе 30 миң бала жөлөк пул албай калмак деп айтып жатат. Бул жалган маалымат. 150 миң бала жөлөк пул албай калмак. Колунда бар байлардын балдарына жөлөк пул берүүнү сунуштабай, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жөлөк пулун көбөйтүү боюнча айтышыңар керек болчу. Алардын ата-энелерине жөлөк пул төлөп берүү зарыл. Алар балдарын интернатка бербей, өздөрү багып жатышат. Интернатка берсе мамлекеттик бюджеттен көп каражат кетмек”, - деди Бокоев.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын айтымында, жөлөк пулдар жөнүндө жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине жөлөк пул берүү каралып жатканын айтты.

Кенжебек Бокоев жөлөк пул жөнүндө мыйзамдарга олуттуу мамиле жасоо зарылдыгын айтты.

Жыйында жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамдын аткарылышы тууралуу маселе каралып жатат.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
+996 557 47 39 39
 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.


Маалымат-маанайшат порталы 2006-2019 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Күрөӊкеев көчөсү - 180,
Тел.: +996 312 88-24-00,
+996 557 47 39 39
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
USD 69,8  RUB 1,05
Кирүү
Каттоо