Ырчы Айгерим Расул кызы тойдо алып баруучунун төбө чачынан кармап, эшикти көздөй сүйрөдү. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына буларды айтып берди.
"Бул окуя мындан 2 күн мурда Ош шаарындагы тойканалардын биринде болгон. Анда тойдун алып баруучусу Нурзат Токтосунова болуп, мени ырдаганга чыгарбай жатты. Мен улам барып алып баруучуга антрактта же ага чейин болсо деле ырдай берейин десем тоготпой койду. Менден кийин той ээлери дагы 3-4 жолу Айгеримди ырдатып коёлу десе макул болгон жок. Той ээлерин жакындан тааныгандыктан аягына чейин күтүп отурдум. Кечки саат 23:45 болгондо алып баруучу мени чакырды. Той ээлеринин суранычын аткаргандан кийин Нурзат Токтосуновага "Той ээлери суранса дагы макул болбой эмнеге 2 саат күттүрдүңүз?" десем, "мен өзүм билем, кааласам чыгарам, каалабасам чыгарбайм, сен кимсиң?" деп келип мага кол көтөрдү. Кош бойлуу, алсыз, эч нерсе кыла албайт деди окшойт. Ачуум келип өзүнө жараша жообун бердим. Чачынан кармап, эшикке сүйрөп баратсам, тойго келгендер ажыратып калышты", - дейт ырчы.
Ошондой эле Айгерим Расул кызы буга чейин Нурзат Токтосунованы сыйлап жүргөнүн, башкалардан мындай жорукту күтсө дагы алып баруучудан күтпөгөнүн айтат.
Ал эми окуя тууралуу "Заманыбыздын супер алып баруучусу" Нурзат Токтосунова өз пикирин билдирди.
"Албетте, биринчи айткан кишиге ишенич көбүрөөк, аны түшүнүп турам. Айгерим Расул кызынын Инстаграмдагы постун, ал постко кошуп жүктөгөн видео "эрдигин" көрүп чыныгы окуядан кабары жоктор дуу түшүп эле "кош бойлуу аялга кол көтөргөн тура!" болуп жатып калышты. Бул окуяда калп канчалык шумдуктуу болсо ага ошончо бат ишенишет деген ыкма бат иштеди. Чынында атактуу Айгерим Ошто кайсы тойго барса биринчи ырдашы керек тура. Менин Айгеримден биринчи келген, андан улуу Айжамал Кабылованы биринчи ырдатканым ал ырчыга жакпай калыптыр. Ырдап бүтүп келип эле коридордон беттен алды.15 жыл шоу-бизнесте жүрүп бирөө менен үн көтөрүп урушкан эмесмин аны баары билет. Мен аны күттүргөн эмесмин, ага Айжамал Кабылова күбө. Антрактта ырдайм деп кеч келген, той дагы 2 саат кеч башталган. Айгерим өзүнөн биринчи келген ырчыны чыгарба деди. Той ээлери кимиси биринчи келсе ошону чыгар дешти. Ал эми адамга кол көтөргөнү боюнча бул ырчынын маселе чечүүнү муштум көтөрүү деп билерин коомчулук буга чейин деле көрүп жүрбөдү беле. Ушундай ишти кылуу, анан аны мактанып интернетке бөлүшүү, акылы, маданияты, жөн гана адамдыгы бар адам айтпай турган сөздөрдү жазуу менин деңгээлим эмес. Көптөрдүн жүрөгүн оорутсам кечирим сурайм. Ата-энесин сыйлаганым үчүн унчуккан эмесмин. Ылайым мага кылган мамилесин кичүүдөн көрсүн. Аман-эсен көз жарып алсын!" - дейт Токтосунова.