Бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде акыйкатчылык кызматына сунушталган талапкерлер каралат

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде акыйкатчылык кызматына сунушталган талапкерлер каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, баяндаманы фракция лидерлери жасайт.

Акыйкатчы кызматында Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрынан тарта иштеп келген. Ал 26-июнда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган.

Аталган кызматка КСДП фракциясы Токон Мамытовдун талапкерлигин, "Ата Мекен" фракциясы Канатбек Азиздин талапкерлигин, "Бир Бол" фракциясы Рита Карасартованын талапкерлигин көрсөтөт.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында 3 маселе каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан