Акыйкатчы кызматына фракциялар тарабынан 5 талапкер көрсөтүлдү (видео)

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында өкмөттүк аппараттын жетекчиси, юстиция министри, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасы кызматтарына талапкерлер каралды.

Юстиция министри кызматына Марат Жаманкуловдун, өкмөттүк аппарат жетекчилигине Шамилбек Асымбековдун, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагалыгына Эмил Осмонбетовдун талапкерлиги каралып жактырылды.

Баяндаманы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жасады.

Андан кийин Жогорку Соттун судьясынын кызмат ордуна шайлоо үчүн президенттин сунушу каралды. Бул кызматка Жаңыл Мамбеталынын талапкерлиги жактырылды.

Мындан тышкары Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында акыйкатчы кызматына талапкерлер каралды. Акыйкатчы кызматына фракциялар тарабынан 5 талапкер көрсөтүлдү. КСДП фракциясы Токон Мамытовду, "Бир Бол" фракциясы Рита Карасартованы, Маматурайим Момуновду жана Рыскул Бактыбаевди, "Ата Мекен" фракциясы Канатбек Азизди көрсөттү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан