Кара-Көлдө сууга чөгүп кеткен 3 жашар баланын жансыз денеси табылды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында сууга түшүп кеткен 3 жашар баланын жансыз денеси табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 18-сентябрда кабарлашты.

Маалым болгондой, баланын жансыз денеси 13-сентябрь күнү саат 15:00дөр чамасында туугандары тарабынан табылып, жерге берилген.

5-сентябрь күнү Көк-Бел айылындагы Кара-Суу суусуна 3 жашар бала түшүп кеткендиги тууралуу белгилүү болгон. Ошондон бери куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, эч кандай натыйжа болбой келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан