"Эмми" сыйлыгын тапшыруу аземинде "Так талашуу оюну" сериалы 22 наамды утуп алды

17-сентябрдан 18-сентябрга караган түнү Лос-Анжелесте жыл ичиндеги эң мыкты телесериалдарды аныктаган "Эмми" сыйлыгын тапшыруу аземи орун алды. Азем быйыл 70-жолу өткөрүлүп, жылдын мыктыларын аныктады. Анда "Так талашуу оюну" сериалы 22 наамга татыса, "Жапайы батыш" сериалы 21, ал эми "Үй кызматчынын күндөлүгү" телесериалы 20 наамды илип кеткен. Аземге Голливуддун белгилүү жылдыздары катышып, кооз көйнөктөрү менен кызыл килемди көркүнө чыгарышты.

Жеңүүчүлөр:

"Мыкты драмалык сериал" - "Так талашуу оюну";

"Мыкты комедиялык сериал" - "Таң калычтуу миссис Мейзел";

"Мыкты мини-сериал" - "Жанни Версаченин өлүмү";

"Драмалык сериалдагы айымдын мыкты ролу" - Клэр Фой ("Таажы");

"Драмалык сериалдагы эркектин мыкты ролу" - Мэттью Риз ("Америкалыктар");

"Комедиялык сериалдагы айымдын мыкты ролу" - Рейчел Броснахен ("Таң калычтуу миссис Мейзел");

"Комедиялык сериалдагы эркектин мыкты ролу" - Билл Хейдер ("Барри") жана башкалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан