Депутат Арапбаев: "Өкмөт сунуштап жаткан "Бажы тарифи жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү демилгеси биздин өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбейт"

Өкмөт сунуштап жаткан "Бажы тарифи жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси биздин өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбейт. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында депутат Азамат Арапбаев айтты.

"Мыйзам долбоордо каралган бажы төлөмүн өзгөртүү демилгелери айыл чарба азыктарын экспорттоого эч кандай пайда алып келбейт", - деди ал.

Ал эми экономика министри Олег Панкратов сунушталып жаткан мыйзам долбоору Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн орток эрежелерине карап түзүлүп жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан