Белизден келди делген документтердин түп нускасы кайда экени белгисиз болууда

Белизден келди делген документтердин түп нускасы кайда экени белгисиз. Бул жөнүндө бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

"Башкы прокуратура Белизден келген документтердин көчүрмөсү бизге келген деп жатат. Улуттук коопсуздук комитети ал документтер бизде жок деп айтууда. Бул туура эмес маселе, мындай болбош керек эле", - деди депутат Асел Кодуранова.

Депутат Айсулуу Мамашева да сөз алып Белизден келди делген документтердин түп нускасы кайда экенине кызыкты.

"Бүгүнкү күндө Белизден келген документтердин түп нускасы УКМКда да, Башкы прокуратурада да жокпу? Бул жерде кызык жагдай жаралды", - деди Мамашева.

Башкы прокуратура менен УКМК Белизден келген документтердин түп нускасы кайда экени белгисиз экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан