Ош шаарында жүргүзүлгөн рейддин алкагында 1,5 ай убакыт аралыгында мыйзамсыз курулган 24 соода түйүнү жана 200 метрден ашык тосмолор алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ош шаарында 1-августтан баштап ушул күнгө чейин өткөн рейддердин алкагында мыйзамсыз курулуштар, тосулган тротуарлар жана тил мыйзамынын талаптарына жооп бербеген көрнөк-жарнактар текшерүүгө алынды. "Натыйжада 24 даана соода түйүнү, 5 контейнер, 6 унаа токтотуучу жай, узундугу 200 метрди түзгөн жеңил типтеги тосмолор, капиталдык курулуштагы 50 метрден ашуун тосмо, 3 даана капиталдык курулуш, 18 даана мангал, 7 тандыр жана 2 бут кийим оңдоочу жай алынды", - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары тил мыйзамдарына жооп бербеген 121 дубалга илинген жарнактар, 48 жарнак тактайчалар алынган.