Хабиб Нурмагомедов UFC'ге: "Мага төлөнүүчү акчаны өзүңөргө калтыргыла. Бирок абайлагыла, тамагыңарга тыгылып калбасын"

  Спорт  

Хабиб Нурмагомедов UFC'ге: "Мага төлөнүүчү акчаны өзүңөргө калтыргыла. Бирок абайлагыла, тамагыңарга тыгылып калбасын"

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун беттешинен кийин анын айланасындагы ызы-чуулар дагы да болсо басаңдай элек.

Буга чейин UFC Нурмагомедовдун командасындагы Зубайра Тухуговдун алдыдагы беттеши болбой тургандыгын билдирген. Ага Тухугов Макгрегорду чапкандыгы себеп болгондугу айтылган.

Бул боюнча Хабиб Нурмагомедов UFC уюмуна кайрылуу жолдоду. Мушкер өз сөзүндө уюм акыйкат чечим чыгарбагандыгын айтып, алардын калыстыктан тайганын билдирген.

"Эмне себептен силер Макгрегордун командасы автобуска чабуул жасап, бир нече кишини жарадар кылганда эч кандай чара көргөн эмессиңер? Алар бирөөнү өлтүрүп коюшу толук мүмкүн болчу. Эмне үчүн алар менин элимди, жеримди, үй-бүлөмдү, динимди шылдыңдап жатканда эч ким унчуккан жок.

Эмнеге силер менин командамдагы адамдарды гана жазалап жатасыңар? Ал жакта 2 команда тең мушташкан. Эгер силер мунун баарын мени баштады десеңер, жаңыласыңар. Мен алар баштаган нерсени аягына чыгардым. Эмнеси болсо дагы эгерде жазалагыңар келсе, мени жазалагыла, Тухуговдун буга тиешеси жок. Мени унчукпайт деп ойлосоңор, анда жаңыласыңар.

Зубайра Тухугов менен болгон келишимди буза турган болсоңор, менден да кол жууйсуңар. Бизде, Орусияда өзүбүздүн жакындарды эч качан таштабайбыз. Аны бошото турган болсоңор, мага дагы бузулган келишимди жибергенди унутпагыла же болбосо аны мен өзүм тытам.

Унута электе айта кетчү нерсе, ар шылтоону айтып бербей жаткан гонорарымды да өзүңөргө калтыргыла. Бирок байкагыла, тамагыңарга тыгылып калбасын. Биз өзүбүздүн намысыбызды коргодук, негизгиси ушул. Ал эми достор үчүн биз аягына чейин барабыз", - деп кайрылган Нурмагомедов.

Эскерте кетсек, АКШнын Лас-Вегас шаарында 7-октябрда өткөн беттеште Нурмагомедов Макгрегорду муунтуу жолу менен жеңишке жеткен. Бирок беттештен соң ал октагондун тосмосунан ашып түшүп Макгрегордун командасындагы Диллон Дэнисти сабаганга аракет кылган.


кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
+996 557 47 39 39
 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(25)
12.10.2018. 13:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
19-04-2016
Соӊку аракети:
18-07-2019 14:03
Жынысы:
Белгисиз
+43
Бул да болсо мусулмандын бир улгулуу сапаты...
Mambetali түзөттү 2018-10-12 13:14:38
12.10.2018. 14:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
357
Катталган:
20-12-2017
Соӊку аракети:
19-07-2019 11:20
Жынысы:
Белгисиз
-29
Mambetali,
Ушул мусулманынардын сапаты такыр жакпайт. Эч кандай сапатка ээ эмес. Буга караганда кыргыз спортчулары молодцы. Кайда барба мусулманбыз деп эмес, кыргызбыз деп мактанышат. Диний фанаттарга дин эле болсо болду.
12.10.2018. 15:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
29-05-2016
Соӊку аракети:
15-07-2019 11:27
Жынысы:
Белгисиз
+14
pat12,сен тууган ыйманыңды жаңылап
ал.Хабиб туура кадам койуптур азамат
13.10.2018. 02:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
30-12-2017
Соӊку аракети:
05-01-2019 18:46
Жынысы:
Белгисиз
+7
pat12,ар бир адам өз денгээлине жараша ой жүгүртөт
13.10.2018. 12:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
04-05-2018
Соӊку аракети:
11-05-2019 07:29
Жынысы:
Белгисиз
0
pat12,кыргыз не мусулман эмесби. Таза мисал келтирипсинго
14.10.2018. 18:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
10-08-2018
Соӊку аракети:
21-07-2019 18:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Mambetali, Кайдагы сапаты! Ото шашма бала экен, мен сыйлаймын Хабипти жакшы мушкер. Бирок ошол куну Тухугов актогонго чыгып Конорду урбаш керек болчу. Болуштургонго жардам берсе болмок опколонбой. Уфси туура чечим кабыл алды эгер жон койсо, эртен дагы бироо чыгат женилип чуу салат, анан накта Уфсинин баркы кетет. Мусулман адам кечиримдуу болуш керек, ошол жерде бойдон киин микрафондо айтса болмок мен Конорду кечирдим бул адашты деп биз кечиримдуу адамбыз деп ошондо мусулмандын сапатын коргозмок.
12.10.2018. 13:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
720
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
17-05-2019 09:34
Жынысы:
Белгисиз
+28
Хабиб эркексин!!!!Ушунундан жазба
12.10.2018. 13:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
08-08-2018
Соӊку аракети:
21-07-2019 10:19
Жынысы:
Белгисиз
-12
Бир секиргенин 14 милион сомго бааланыптыр да
12.10.2018. 13:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
118
Катталган:
17-08-2014
Соӊку аракети:
19-07-2019 09:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
===>
+29
Эн туура мусулман деген бири-бирин эч качан таштабайт
12.10.2018. 14:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
357
Катталган:
20-12-2017
Соӊку аракети:
19-07-2019 11:20
Жынысы:
Белгисиз
-6
egiz-jigit,
Мусулмандар бирин бири менен согушуп жатышат го. Озгочо сирияда бирин бири олтурушуп,
12.10.2018. 13:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
03-07-2018
Соӊку аракети:
19-05-2019 22:43
Жынысы:
Белгисиз
+10
140миллион $
12.10.2018. 13:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
12-09-2015
Соӊку аракети:
21-07-2019 14:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ню Йорк
+8
Эч жерде эч качан ачууга алдырбаш керек САБР САБР кылганда тынч эле акчасын алып сый менен бутот эле
12.10.2018. 13:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
395
Катталган:
09-01-2015
Соӊку аракети:
21-07-2019 14:56
Жынысы:
Белгисиз
+23
Shekeev969798,тууганым кыргыз тилинде САБР САБР деген соз жок! САБЫР деп жазылат, каттуу айтсам кечирим сурайм
12.10.2018. 13:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
03-09-2016
Соӊку аракети:
24-06-2019 07:50
Жынысы:
Белгисиз
+10
Shekeev969798,Сабр деп, акча деп намысына тийген создорго коз жуммак беле. Акча талаада калсын. Эн туурасын кылды. Азамат!!!
14.10.2018. 19:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
10-08-2018
Соӊку аракети:
21-07-2019 18:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Aynura87,Пайгамбарыбызды Мухамад Салолоху алейки ва саламды хураиштер каапырлар,таш баранга алып кууганда денесинен аккан каны бут кийимине толуп агып баратып, ошол урган адамдар учун я Алла кечир ушул адамдарды булар жанылышып куноо кылып атышат кечире кор деп душмандарын азаптан куткарган. Анан секирип оз паркын мусулмагдын паркын кетирип отурат. Жада калса акчасынан кол жууп эртен ким толойт тренер врач кыскасы ушунун артынан жургон 15 кишиге акчаны. Кечиримдуу бололу туугандар.
12.10.2018. 13:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
17-07-2013
Соӊку аракети:
20-07-2019 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+11
Ошон үчүн илгертен калган кеп бар го "сабырдын түбү сары алтын". Бир аз сабыр кылганда чемпиондук кур салтанаттуу түрдө тапшырылат эле,гонорорды дагы толук алат эле. Бизге окшогон күйөрмандарга кайф болот эле.
13.10.2018. 16:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
283
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
20-07-2019 19:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurgazy80,туура айтасынар. Бирок буга чейин шылдындап ,автобусуна кол салып аябай жинине тийишкен да .Оюн башталаарда Конор маймылдай секирип клоун болуп аткан акырында утулуп калды ,ит эле болду.Бирок ачууга алдырбай гонорарын алып анан кочого чыгып мушташса деле болмок.
12.10.2018. 14:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
07-05-2016
Соӊку аракети:
06-07-2019 15:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ГАЛАКТИКА
+1
#братзабрата ))
12.10.2018. 15:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
294
Катталган:
07-11-2017
Соӊку аракети:
20-12-2018 04:59
Жынысы:
Белгисиз
-7
ХХХ хабибинер, ХХХ сооп болот курун бербесе, чечен болсо эле кыйын бекен эмне
Модератор admin_media түзөттү 2018-10-12 15:59:10
12.10.2018. 15:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
02-05-2017
Соӊку аракети:
20-07-2019 00:36
Жынысы:
Белгисиз
-2
Matahara1980,Дагестандык болот Хабиб Чечен Зубайра
12.10.2018. 16:00 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
729
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
21-07-2019 18:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
-4
Matahara1980, кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт. Порталдын эрежелерин сактоону сунуштайбыз. Билдирүү түзөтүлдү.
12.10.2018. 18:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
128
Катталган:
05-01-2017
Соӊку аракети:
21-07-2019 12:14
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мушташка чыгуу учун канча аракет кылып алтын башын тобокелге салып урушту. Акчасын жон эле берип эскертуу кылса болмок. Макрегордун интервью убагындагы уят создору,урганы,автобуста уруш чыгарганы коз жумуп эле коюштуго
12.10.2018. 21:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
03-08-2017
Соӊку аракети:
15-02-2019 01:46
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озунор менен озунор раса урушупсунар го э Кыргыдар)
13.10.2018. 00:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
11-01-2016
Соӊку аракети:
20-07-2019 13:59
Жынысы:
Белгисиз
0
путин заказ бергендир да 2миллион доллар путинге оной эле да хабиббек атасы путин жолугушту эле го
13.10.2018. 13:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
15-12-2014
Соӊку аракети:
30-06-2019 11:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Хабиб азаматсың
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Маалымат-маанайшат порталы 2006-2019 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Жибек Жолу проспектиси 381,
Тел.: +996 312 88-24-00,
+996 557 47 39 39
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
USD 69,65  RUB 1,11
Кирүү
Каттоо