"Картошканын баасын ортомчулар түшүрүп салышты". Министрдин орун басары Өзбекстан картошканы бир жактуу өткөрбөй жатканы боюнча жооп берди

  Коом жана турмуш  

"Картошканын баасын ортомчулар түшүрүп салышты". Министрдин орун басары Өзбекстан картошканы бир жактуу өткөрбөй жатканы боюнча жооп берди

"Азыркы учурда картошканы чек арадан өткөрбөй жатканы боюнча дыйкандардан арыз түшө элек". Мындай маалыматты SUPER.KG порталына айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Ал маселени чечүү боюнча Өзбекстандын премьер-министри менен сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

"Былтыр Өзбекстан бизден көп картошка алган. Болжолдуу 350 миң тоннага чейин жөнөткөнбүз. Ушул жылдын жаз айларынан баштап биздин картошкаларды бир тараптуу өткөрбөй жатышат. Алар, балким, өздөрүнүн өндүрүүчүлөрүн коргодубу, айтор, "картошкадан оору табылды" дешкен. Биздин картошкаларда оору жок.

Премьер-министр менен айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри жакында Тажикстанга жасаган сапарында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен сүйлөшүшкөндө ачылары айтылган. Азыркы учурда картошканы чек арадан өткөрбөй жатканы боюнча дыйкандардан арыз түшө элек. Дыйкандар картошканын килограммын 6-8 сомдон сатып жатышат. Ортомчулар бааны түшүрүп салышууда. Учурда базарларда, маркеттерде 12 сомдун тегерегинде сатылып жатат", - деди Керималиев.

Ал учурда сарымсак да арзан болуп жатканын айтты. "Сарымсак маркеттерде килограммы 72 сомдон, бирок дыйкандар 10-12 сомдон сатып жатышат", - деди ал.

Парламент жыйынында депутат Ирина Карамушкина дыйкандар картошкасын сата албай жатканын, Өзбекстан бир тараптуу киргизбей койгонун айтып чыккан.

Дыйкандардын эмгеги акталбай, баалардын түшүп кеткени боюнча кеңири маалымат менен таанышыңыздар.


кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
+996 557 47 39 39
 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
18.10.2018. 20:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
26-10-2016
Соӊку аракети:
20-06-2019 19:52
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дыйкандар ондургон жер жемиштерин сатууга жардам берсе окмот. Биз башка нерсе деле сурабайт элек окмоттон. Ошол да колдорунан келбей жатканы окундурот. Кыргыз эли окмотту карабай оз жандарын озу багып конгон элбиз.
18.10.2018. 23:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
472
Катталган:
09-06-2018
Соӊку аракети:
24-07-2019 06:34
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дыйкандардан арыз түшөлек дебей, жеринде барып текшерсе болбойбу. Отуруп алып сүйлөп, жегенден башка колдорунан эч нерсе келбейт
19.10.2018. 02:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
24-04-2018
Соӊку аракети:
23-07-2019 12:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Карапайым элди ойлогон эч бири жок 120 атка минерлердин ...
Жок дегенде арасында эл үчүн аракет кылгандарыда жокко эсе саны бар сапаты жоктор !!!
19.10.2018. 09:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
188
Катталган:
19-07-2013
Соӊку аракети:
02-07-2019 14:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун биз кымбат болушун тилешибиз керек. Айлыкка жашаган улушу жок адамдар эмне кылат анда?.Баалар ото кымбат да, ото арзан да болбошу керек.Мамлекет олконун керектооуно жеткидей кылып калтырып, калганын дыйкандардан сатып алып чет олкого сатып пайда корсо болот.Акыркы жылдар чек аралар жабылып баардык нерселерге бааларды негизсиз которуп жиберишкен. Мисалы базарга барсан мал арзан, эттин баасы тынымсыз которулуудо. Ошондуктан бааны базар аныкташ керек. арзан болсо арзан сатылыш керек.
19.10.2018. 09:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
188
Катталган:
19-07-2013
Соӊку аракети:
02-07-2019 14:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Мисалы ошол эле дыйкан картошкасын 50 сомдон кымбат сатып алды,кайра эле бироого барып озунун керектоосуно кымбат баада башка нерсе алууга мажбур болууда.Оозго беш колду тыкпай конкуренцияга конушубуз керек.Базарга ким арзан товар сунуш кылса базар ошонукуЖер семирткич кымбат, башкалар кымбат дей берсек биз товарыбызды чиритип олтура беребиз.Биз арзан жол менен коп коломдо момо-жемиш ондургонду уйронмойун алдыга жылбайбыз.Базардын мыйзамы каттаал. Арыз арманынды эч ким укпайт.
19.10.2018. 09:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
188
Катталган:
19-07-2013
Соӊку аракети:
02-07-2019 14:04
Жынысы:
Белгисиз
+2
К. Бакиедин убагында дыйкандар ортомчуларсыз товарларын туз сатканга шарт тузобуз деп чон шаарларда атайын дыйкан базарларды ачышкан.Ошол жерде бир аз иш башталып, Кызыл кулак алып сатарлар ошол жерге да жетип барышып дыйкандарды суруп чыгарышкан.Ошол базарлар кийин унутулуп жок болду.Бул жакшы идея болчу акыр аягына чейин чыгарыш керек болчу.Ортомчуларды жок кылыш керек.Балээнин баары ошолордо.Бут кудайдан жоо качкандар базардагы бааны которуп жатышат.Дыйканга туз сатканга шарт тузуу керек.
KUMKA түзөттү 2018-10-19 09:19:55
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Маалымат-маанайшат порталы 2006-2019 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Жибек Жолу проспектиси 381,
Тел.: +996 312 88-24-00,
+996 557 47 39 39
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
USD 69,67  RUB 1,1
Кирүү
Каттоо