Ысык-Көлдө браконьер элик атып айыпка жыгылды
Ысык-Көл облусунда элик аткан браконьер кармалып айыпка жыгылды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинен кабарлашты. Маалым болгондой, 15-ноябрда аталган агенттиктин Аңчылык департаменти менен браконьерликке каршы "Барс" тобу облус аймагында текшерүү жүргүзүшкөн.
Жыйынтыгында Тоң районундагы Көк-Булак участкасынан 39 жаштагы Б.М. аттуу жаран кармалган. Анын аталган жайдан элик атканы аныкталып, түзүлгөн протоколдун негизинде 50 миң сом айып салынды.