Ооганстанда жан кечти өзүн жардырып, 50дөй киши көз жумду

Ооганстандандын борбор шаары Кабулда жан кечти өзүн жардырып, 50дөй адам көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жан кечти өзүн диний кызматкерлер чогулган жерге барып жардырган.

"Жан кечти Мухаммед пайгамбардын туулган күнүндө өтүп жаткан үйлөнүү үлпөт тоюна келгендерди бутага алган. Ал чогулгандардын дал ортосуна барып өзүн жардырган. Жарылуунун кесепетинен 70тен ашык адам ар кандай жаракаттарды алып, 50гө жакын адам көз жумган", - деп жазылат маалыматта.

Азыркы тапта жан кечти тууралуу маалымат жок. Аталган кол салуу Ооганстанда акыркы айларда болгон кандуу окуя катары катталды.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zhoro
2018-11-21 11:09:58
Чыныгы мусулман бироонун эмес озунун да жанын кыйбайт
0
Munar92
2018-11-21 12:12:52
Олгун келсе озун эле оло бербейсинби. Ошончо атанын эненин баланын коз жашын агызбай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан