Индонезиянын Сулавеси провинциясында өлүү табылган кашалот 6 килограммдай пластик таштанды жеп алганын Jakarta Post гезити жазып чыкты. Басылма маалыматты Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун маалыматына таянып жазган.
Вакатоби паркынын адистери жана Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш (WWF) фондунун изилдөөчүлөрү Капота аралындагы деңиз жээгинен 10 метрлик кашалоттун өлүгүн табышкан. Адистер кашалотту союп, анын ашказанынан миңдеген балык кармаганда колдонулуучу чирибес жиптин үзүктөрүн, 115 желим стакан, 4 желим бөтөлкө, 25 баштык, 2 резина жайкы бут кийим болуп, жалпысынан 6 килограммга жакын пластик таштанды чыгарышкан.
Адистер азырынча кашалотту дал ушул желим таштандыдан өлдү деп так кесе айта элек. Ири суу жаныбарынын денесин жерге көмүшкөн.
Кашалот - тиштүү ири кит. Анын ургаачылары 15 метрге жетип, салмагы 20 тонна болсо, эркектери 20 метрге чейин болуп, салмагы 50 тоннага жакындайт.