Конор Макгрегордун атасы бокс рингине чыгат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Макгрегордун атасы Тони Макгрегор 15-декабрда алгачкы жолу бокс рингине чыгып, беттеш өткөрөт. Беттеш кайрымдуулук акциясынын алкагында өтөт.
"Жакында 60 жашка чыгам. Дайыма активдүү жашоо образын тандаганга аракет кылам. Менин атам бокс менен машыкчу, демек, уруш өнөрү каныбызда бар", - деп билдирген Тони.
Мушкердин атасы 25 жаштагы радио алып баруучу Йон Шийен менен беттешет.
Айта кетсек, Конор Макгрегор да өзүн боксто сынап көргөн. Кылымдын беттеши аталган жолугушууда Макгрегор Флойд Мейвезерге жеңилип калган.