"Консультациялык кызматка деп алынган каражаттын 10 пайызын кармап калып жатасыңар". Мындай пикирин депутат Зиядин Жамалдинов парламент жыйынында билдирди.
Эл өкүлү сырттан грант, насыя алынып жатканда консультациялык кызматка деп көп каражат жумшалып жатканын эске салды.
"Консультантты да чет өлкөдөн алып келесиңер. Ушул каражатты кыскартпайсыңарбы? Кийин анын акчасын мамлекет төлөп жатат", - деди Жамалдинов.
Каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков аталган маселе боюнча иш алып барышарын убадалады. "Бул долбоордо каражаттын 4 пайызы консультациялык кызматка кетет", - деди Байгөнчөков.
Учурда парламентте Кыргыз мамлекети менен Сауд Арабия Королдугунун ортосундагы гранттык макулдашуу талкууланууда.