Жанар Акаев Сауд Арабиясы менен түз аба каттамын ачууну сунуштады

Сауд Аравиянын борбору Эр-Рияд шаары."Сауд Арабиясы менен түз аба каттамын ачуу керек". Мындай сунушту депутат Жанар Акаев парламент жыйынында көтөрдү.

Эл өкүлү акыркы учурда Араб жарым аралынан Кыргыз өлкөсүнө келгендердин саны өскөнүн кошумчалады.

"Кыска убакыттын ичинде Сауд Арабиясынан Кыргыз мамлекетине келгендердин саны 6 миңден 10 миңге өсүптүр. Алар бизге 18 саат жол жүрүп, Дубай аркылуу келишүүдө. Түз каттам ачсак туризмге да пайдасы тиймек. Ушул боюнча ойлонуп көрдүңүздөрбү", - деди Акаев.

Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев буга чейин Сауд Арабиясы менен сүйлөшүү жүрүп, бирок аягына чыкпай калганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан