"Эки жыл дене тарбия мугалими болуп иштегем" деген депутат Тазабек Икрамов билим берүүнүн отличниги төш белгиси менен сыйланды

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов "Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн отличниги" төш белгиси менен сыйланганын социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.

Депутат Икрамовго билим берүү жана илим министринин орун басары Жапаркул Ташиев билим берүүнүн отличниги төш белгисин тапшырганын SUPER.KG порталына тастыктады.

"Жаңы жылдын алдында билим берүү министринин орун басары билим берүүнүн отличниги төш белгисин тапшырды. 1998-2000-жылдары Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтунун Жалал-Абад облусундагы филиалында дене тарбия мугалими болуп иштегем. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетин жетектеп келем. Билим берүү тармагындагы көптөгөн мыйзамдарды, реформаларды киргизип, колдоп келе жатабыз. Бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн жаштарды колдоп, эл аралык турнирлерди өткөрүп келе жатабыз", - деди эл өкүлү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан