Ош облусунун Өзгөн районунда жер титирөө катталганын Сейсмология институтунан кабарлашты. Маалым болгондой, жер титирөө бүгүн, 16-январь күнү саат 06:29да катталып, күчү очогунда 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Өзгөн районунун Чымбай, Кароол жана Мырза-Арык айылдарында 3 баллга, ал эми Өзгөн шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын кабарлады.