Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу, драматургу Бексултан Жакиев 83 жашка толду. Ал 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. 1943-жылы өз айылындагы Максим Горький атындагы орто мектептин босогосун аттап, аны ийгиликтүү бүтүрүп чыккан. Мектептин жогорку класстарында окуп жүргөн маалында драмалык ийримге жан дили менен катышып, окуучулардын күчү менен коюлган Жусуп Турусбековдун "Ажал ордунда" пьесасында башкы каарман Искендердин, Жоомарт Бөкөнбаевдин "Алтын кызында" Жапардын ролун, Кубанычбек Маликовдун "Биз баягы эмеспиз" драмасында башкы каармандын ролун чеберчилик менен аткарып, "жаш артист" атка конгон. 1953-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырып, аны 1958-жылы ийгиликтүү бүтүрүп чыгат. Университетте окуган жылдар ал үчүн терең билим алуунун гана эмес, чыгармачылык талантынын пайдубалын түптөөнүн учуруна да айланган.
Драматург, кинодраматург, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1974), Кыргыз Эл жазуучусу (1993), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын (1989), Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атындагы эл аралык сыйлыгынын (1994) жана Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыгынын (1996) лауреаты.
Эмгек жолу
- 1960-1962-жылдары Киносценарийчилердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсунда окуган:
- 1963-1968-жылдары "Кыргызфильм" киностудиясында редактор;
- 1968-1972-жылдары Кыргыз ССР Маданият министрлигинде башкы редактор;
- 1972-1975-жылдары Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор;
- 1988-1992-жылдары Кыргызстан театр ишмерлер союзунун секретары;
- 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин мамлекеттик кеңешчиси;
- 1994-2000-жылдары "Манас-1000" мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору;
- 1994-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы болуп эмгектенген.
Бексултан Жакиевге атактуулук алып келген "Атанын тагдыры" драмасы тууралуу маалыматтар
Бексултан Жакиев коомчулукка 1959-жылы жарык көргөн "Атанын тагдыры" аттуу алгачкы драмасы менен таанылган. Чыгарманы жазганда Бексултан Жакиев 21 жашта болгон. Пьеса алгачкы жолу коюлганда эле көрүүчүлөр тарабынан абдан жакшы кабыл алынган. Театрларда аншлаг болуп, ал эми бул чыгарманын жаралышы кыргыз драматургиясындагы эң чоң окуя, ири бурулуш учурга айланган.
Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепетинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашуун жолу коюлган. Чыгарма казак, түркмөн, тажик жана корей тилдерине которулган. Ал тургай Казакстандагы Корей театры спектаклди Фрунзе шаарына да алып келип, коюп кеткен. Андан сырткары Казакстандын бардык театрларында коюлган. Ошондой эле Түркмөнстан, Тажикстандагы театр сүйүүчүлөргө да тартууланган. Ал эми орусча котормосу авторго жакпагандыктан бул тилде коюлбай калган.
Бексултан Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана чет өлкөлөрдүн театрларында коюлган. Бексултан Жакиевдин театр, кино, коом жөнүндөгү ой толгоо макалалары гезит-журналдарда жарыяланып турат. Б.Брехттин, С.Михалковдун, М.Ауэзовдун драмаларын кыргыз тилине которгон. Бексултан Жакиев 2000-2003-жылдары даярдаган кыргыздын манасчылык, төкмөлүк өнөрлөрү ЮНЕСКО тарабынан адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври деп таанылып, Парижде расмий жарыяланып, колдоого алынган. Жакиев 1997-жылы III даражадагы Манас ордени, Даңк, 1999-жылы Казакстан Республикасынын Астана медалдары менен сыйланган.
16-январдын жылнаамасы.