Аталган маалымат боюнча Ош ШИИБи тарабынан алгачкы текшерүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жыйналган материалдар Ош ШИИБинин кылмыштардын, жазалардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен катталды.
"Тергөө амалдарынын алгачкы маалыматтарына караганда, 2005-жылы туулган маркум Ош шаарынын мектептеринин биринде окуган. Буга чейин кѳзүнѳ кандайдыр бир караандар кѳрүнүп жаткандыгын ата-энесине айткан. Бирок ата-энеси маани берген эмес", - деп билдиришти милициядан.