"Ош шаарында унаасын жол боюнда отургузулган арчаны тебелетип токтотуп коюптур" деген окурман SUPER.KG порталына кайрылды.
"Бул окуяга бүгүн, 26-апрелде эртең мененки саат 8ден өтүп калган кезде Ош шаарында Зайнабетдинов базарынын жанынан күбө болдум. Раимбеков көчөсүндө жол боюна отургузулган арчаны кимдир бирөө унаасын тебелетип токтотуп коюптур. Мындай айдоочуларга ким чара көрөт? Шаарга өзүбүз кам көрбөсөк ким кам көрөт?", - деген суроо салган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.