О! Мобилдик оператору Promzona Spаce клубунун катышуусу менен жакшы, сапаттуу музыканын бардык күйөрмандарын эбегейсиз чоң O!PEN AIR 2019га чакырат, анын хэдлайнери катары легендарлуу "ДДТ" тобу келет.
O!PEN AIR 2019 29-июнда саат 15:00дө Promzona Space клубунун чоң сахнасында өтөт.
Бул жөн гана фестиваль эмес, бул музыканы, поэзияны жана көрүүчүлөр менен жакын баарлашууну бири-бирине айкалыштырган өзгөчө иш-чара.
"ДДТ" тобунун музыкасын сүйүүчүлөрдүн бир нече мууну үчүн – алардын ырлары чыныгы символго айланып калган. Бирок эң башкысы көрүүчүлөр тарабынан "ДДТ" тобун урмат-сыйга алып келген нерселери – алардын адамга, жашоого болгон кызыгуусу менен сүйүүсү, анан албетте, музыкасы эч өзгөрүүсүз кала берет. Бул жерде ар бир көрүүчү нукура турмуштук маани менен сугарылган сүйүктүү ырларын уга алат!
O!PEN AIR 2019 БИЛЕТИН КАНТИП АЛСА БОЛОТ?
Балансты 200 сомго бир жолку төлөм аркылуу толуктоо менен өз билетин О!Store түйүнүнүн дүкөндөрүнүн биринен дароо акысыз алса болот!
Акция 2019-жылдын 17-майынан 29-июнга чейин жүрөт.
Шашылыңыздар, билеттердин саны чектелүү.
Иш-чаранын расмий өнөктөшү – Flash. Толук маалыматты 766 номери жана О! операторунун сайты аркылуу билсе болот.