Бишкектеги көчөлөрдүн биринде жеңил унаа жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн мектеп окуучусун сүзүп кетти. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 21-май күнү саат 18:30да болгон. Анда Жантөшов менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес-Бенц унаасы мектеп окуучусун сүзүп алган.
"48 жаштагы К.Д. аттуу айдоочу Мерседес-Бенц унаасы менен Байтик баатыр көчөсүнөн түштүктү көздөй бара жатып, Жантөшев көчөсүндө кырсыкка кабылган. Ал эми ошол учурда окуучу өтмөктөн өтүп бара жаткан. Кырсыктан улам 11 жаштагы бала №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Ал эми унаа айып короосуна токтотулуп, учурда тийиштүү иштер жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.