Айдоочулардын айып пулдардын өлчөмүн азайтуу талабы менен чыга турган акциясын өкмөттүн убадасы токтотту

Бүгүн, 22-майда Бишкек шаарында айдоочулар жол эрежелерин бузууга салынган айып пулдардын өлчөмүн азайтуу талабы менен акцияга чыгышмак. Бирок өкмөттүн жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери тарабынан айып пулдарды азайтуу боюнча убада берилгенине байланыштуу акция болбой калганын бүгүн, 23-майда SUPER.KG порталына "Элет көйгөйү" коомдук бирикмесинин жетекчиси Марипа Алайкулова билдирди.

"Негизи бүгүн 3 миң айдоочунун катышуусунда айып пулдардын жогорулашына каршы акцияны өткөрүүнү пландаганбыз. Бирок маалымат жыйынынан кийин эле мага президенттин аппаратынан чалып эртеси күнү жолугушууга чакырышты. Андан кийин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан чалышты. Өкмөт тарабынан бизге айып пулдардын көлөмү азайтылат деген убада берилди. Берилген убадага ылайык, мас абалда унаа башкаруу жана чектелген ылдамдыктан жогору айдоо учурунда салынчу айып пулдан башкаларынын баары азайтылмай болду. Орозо айы болгондуктан бир аз сабырдуу болуп, убакыт берүүнү туура көрдүк. 10 күндүн ичинде тиешелүү жоопту күтөбүз, болбосо өкмөттү кетсин деген талап менен чыгууга даярбыз", - дейт Алайкулова.

4-марттан баштап Эреже бузуулар боюнча кодекске киргизилген толуктоолор күчүнө кирген. Ага ылайык, белгиленген ылдамдыктан саатына 10 чакырым ашкан айдоочуга 1000 сом айып пул салынат.

Жаңы толуктоолорго ылайык, аталган карама-каршылыктар жоюлуп, төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилген.

1. Белгиленген ылдамдыктан саатына 10 чакырымдан 20 чакырымга чейин ашкан айдоочуга 1 миң сом айып пул салынат.

2. Белгиленген ылдамдыктан саатына 20 чакырымдан 40 чакырымга чейин ашкан айдоочуга 3 миң сом айып пул салынат.

3.Белгиленген ылдамдыктан саатына 40 чакырымдан 60 чакырымга чейин ашырып айдаган айдоочуга - 5 миң 500 сом айып пул салынат.

4.Белгиленген ылдамдыктан саатына 60 чакырымдан жогору айдаган айдоочуга 7 миң 500 сом айып пул салынат.

Айдоочу айып пулду салынган күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде төлөсө, айып пулдун көлөмү 50 пайызга кыскарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shekeev969798
2019-05-23 11:42:13
Алар коп нерсе убада кылат аткарганга келгенде эшектики да жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан