Депутат: "Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин башчысы эл аралык жыйындарга шоопурун жиберет экен"

Депутат Улугбек Ормонов Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамовго карата нааразычылыктар көптөн бери айтылып жатканын белгиледи. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Ал жөнүндө парламентте да маселе көтөрүлүп келет, бирок бүгүнкү күнгө чейин жыйынтыгы жок. Анын иши Коопсуздук кеӊешинде каралган, анда бир топ коррупциялык көмүскө схемалардын бар экени аныкталып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген. Премьер-министр качанкыга чейин агенттиктин башчысынын мындай кылыгына чыдап отура берет? Эсептөө палатасынын текшерүү жыйынтыгында мамлекеттик жана донордук каражаттарды өз багытында пайдаланбаганы, Глобалдык экологиялык фонддун каражатын мыйзамсыз пайдаланганы ашкере болду. Анысы аз келгенсип, өзүнүн шоопурун эл аралык жыйындарга жиберет экен. Штаттан тышкаркы бир кызматкер агенттиктин атынан 7 жолу эл аралык иш-чараларга катышыптыр", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан