Футболчу Кутман Кадырбеков жүрөгүнө операция жасаткандан кийин алгачкы машыгуусун өткөрдү. Бул тууралуу "Дордой" футболдук клубунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ден соолугуна байланыштуу узак мөөнөткө машыгуулардан четтеген Кадырбеков 22-май күнү командага кайрадан кошулду. Анын алгачкы машыгуусу индивидуалдык программа менен медициналык штабдын көзөмөлүндө өттү.
"Талаага кайтып келүү ар дайым жагымдуу. Менде баары жакшы. Азырынча медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө өз алдымча машыгып жатам. Жалпы группага кошулууну чыдамсыздык менен күтүүдөмүн", - деп билдирген Кадырбеков.
"Дордой" клубунун жана Кыргыз курама командасынын дарбазачысы Кутман Кадырбековго апрель айында операция жасалган.