Абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кылмыш ишин кайра кароо өтүнүчү менен жактоочулары Жогорку Сотко кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Таалайгүл Токтакунова жана Чынара Жакупбекова жаңы ачылган жагдайлар боюнча анын ишин кайра кароону өтүнүшкөн.
Буга чейин 3-майда Жогорку Сотто абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекстеринин күчүнө киргенине байланыштуу кайра каралган. Алар "коррупция" боюнча айыпталышып, 8 жылга эркинен ажыратылышкан. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевский Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип, камакка алынган. 3-май күнү Жогорку Сот ал өкүмдү өзгөртүүсүз калтырып, андан бир гана үй-мүлктү конфискацияга алуу тууралуу бөлүгүн алып салууну чечкен.