Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында крандан чыккан ичүүчү суу ылай болуп чыгууда. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.
"Ичүүчү суунун ылай чыгып жатканына көп болду. Ичкенди мындай кой, кол жууганга мүмкүн эмес. Чара көргөн эч ким жок. Суу түтүктөрү жабыркап, жарактан чыгуу коркунучунда турат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.