Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Аида Салянова СИЗО-1де ким менен кармаларын айтты

  Коом жана турмуш  

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Аида Салянова СИЗО-1де ким менен кармаларын айтты

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова СИЗО-1дин камерасында уурулукка шектелген аял менен чогуу отурат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

Анын айтымында, Салянова менен киши өлтүрүүгө шектүү аял отурат деген маалыматтар жалган.

"Экс-башкы прокурор 2 кишилик камерада телефон уурдаганга шектелген 27 жаштагы аял менен чогуу отурат. Ал уурулук учурунда кармалып калган. Жаңы кодекс боюнча уурдалган буюмдун баасы 10 миң сомдон ашык болсо, сот аны убактылуу кармоочу жайга киргизе алат. Учурда ал жарандын иши тергөөдө.

Мындан сырткары, СИЗО-1де Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектелип, Орусиядан экстрадицияланган А.А. да отурганы чындык. Бирок ал эркектер корпусунда жана Аида Саляновага жакындай албайт. Эркектер жана аялдар башка-башка имараттарда кармалышат, ошондой эле күнү-түнү көзөмөлдө болушат", - деди Сабатарова.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
+996 557 47 39 39
 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.06.2019. 16:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
08-10-2013
Соӊку аракети:
27-06-2019 01:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ноокен
+1
Отурганын айтты..жаргонго жаргон
12.06.2019. 16:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
243
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
26-06-2019 23:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Чындык жашаган жер.
+1
Аялдардын вор законун олтургузуп койсо керек жанына коркутуп корчу деп.
13.06.2019. 12:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
210
Катталган:
04-02-2013
Соӊку аракети:
26-06-2019 19:42
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жалка эмне кылы́п атат Ким билет
13.06.2019. 15:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
92
Катталган:
25-05-2013
Соӊку аракети:
23-06-2019 15:30
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирөөгө ор казсан кенен каз деген ушул да, с Жапаровту ушу каматты беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Маалымат-маанайшат порталы 2006-2019 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Жибек Жолу проспектиси 381,
Тел.: +996 312 88-24-00,
+996 557 47 39 39
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
USD 69,6  RUB 1,11
Кирүү
Каттоо