Суусамырда Кожомкул балбандын 130 жылдыгына карата маданий-спорттук иш-чара өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына балбандын чөбөрөсү Орозаалы Кожомкулов билдирди.
Белгилүү болгондой, иш-чара ушул айдын 29-30-июнунда өтөт.
"Суусамырдагы Кожомкул айылында Кара-Көл деген кыштоо бар. Атабыздын 130 жылдык мааракесин ошол жерде өткөрөлү деп турабыз. Мындай иш-чара Маданият министрлиги тарабынан уюштурулуп жатат. Атайын уюштуруу комитети түзүлүп, анын башында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова турат.
Ошондой эле спорттун 6 түрү боюнча мелдеш уюштуруп жатабыз. Алар көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш, кыргыз күрөшү, ат көтөрмөй жана таш көтөрмөй. Бардык оюндардын баш байгесине автоунаа коюлуп жатат. Мындан сырткары кошумча сыйлыктар дагы тапшырылат", - деди Кожомкулов.